Меню

Страницы

Статья

Абай Кунанбай уулу. Кара сөздөр

           2019 жылы улуу казак акыны Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына карата Абайдын тандалган ырлары "Өлөң сөздүн падышасы" деген аталышта кыргыз тилинде жарык көргөн эле. Китепти кыргыздын жаш акыны Перизат Алмаз кызы уюштурган жана аталган китепке боордош элдин белгилүү акындары менен бирге жаш акындарынын котормолору киргизилген эле.

            Бул жылы Абай Кунанбай уулунун кара сөдрү менен поэмалары камьылган дагы бир китепти кыргыз тилинде басып чыгаруу каралып жатат. аны которгон жана басмага даярдаган жазуучу жана котормочу Айдарбек Сарманбетов.

            Сарманбетов Айдарбек Имангазиевич – жазуучу, журналист, котормочу, сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын, “Евразия”  Жазуучулар бирлигинин (Түркия) мүчөсү.  

            Өкмөттүк, парламенттик, эл аралык, адабий гезит-журналдарда жетекчилик кызматтарда, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунда төрага орунбасары-жооптуу секретарь болуп иштеген.  32 көркөм жана котормо китептеринин автору.Түркия, Кытай, Татарстан  мамлекеттеринде китептери чыккан. Көптөгөн  чыгармалары түрк, кытай, орус, казак, азербайжан, татар, гагауз, балкар  ж.б. тилдерге которулган. 100дөн ашуун чет элдик жана кыргыз акын-жазуучуларынын китептеринин редактору. Түркия, АКШ, Россия, Израиль, Азербайжан, Казакстан, Гагаузия, Татарстан  ж.б. мамлекеттеринин белгилүү авторлорунун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. “Капсалаң доор. Карга аке” тарыхий романы 2019-жылы республиканын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн.

            Улуу Абайдын чыгармаларынан сырткары К.Шакаримдин “Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы” (2018) китеби баш болгон М.Магауин, Т.Абдык, Р.Отарбаев, Г.Жайлыбай, Т.Кеңесбаев сыяктуу  көптөгөн көрүнүктүү казак элинин жазуучу-акындарынын чыгармаларын кыргызчалаган.

 

Казакчадан кыргызчалаган Айдарбек САРМАНБЕТОВ

 

Абай Кунанбай уулу

Кара сөздөр

Биринчи сөз

 Бул жашка келгени аны жакшы өткөрдүкпү, жаманбы, айтору бир далай өмүрүбүздү өткөзүп коюптурбуз: кармаштык, күрөштүк, айтыштык, тартыштык – далай убарачылыкты тарта келдик. Эми орто жашка келдик: жукардык, жалктык, жасаган ишибиздин майдалыгын, убактылуулугун көрдүк, анын баарынын капшабын тарттык. Арийне, эми калган өмүрүбүздү кантип, не кылып улайбыз? Ага жооп таба албай өзүм да бушайманмын.

Эл бага аламынбы? Жок, кайратым жетпейт. Эл жүгүн көтөрөм деген дартка чыдай турган киши, же жалындуу, кыялы албуут жаштар элге күйбөсө, эми биз кайдан!

Мал бага аламынбы? Жок бага албаймын. Балдар өз керегине жеткидей багып алышар. Эми карыганда кызыгын өзүң түгөл көрө албаган соң, ууру, кески, бекер оокатка көнгөндөргө азык таап беремин деп азы калган өмүрүмдү кор кыла турган жайым жок.

Илимдин артынан кубамынбы? Жок, илим сырын сүйлөшөргө адам жок. Билгениңди кимге үйрөтөсүң да, билбегениңди кимден сурайсың? Элсиз-караңгыда жайнамазыңды жайып коюп, алакан жайып олтурганыңдын эмне пайдасы бар? Муңдашып, чер таркатышар киши болбогон соң, илим дегениң  адамды тез картайта турган күйүт.

Сопулукка өтүп, дин тутуубу? Жок, ал да болбойт, ага да тынчтык керек. Же көңүлдө, же көргөн күнүңдө бир тынччылык болбосо, ушул элде, ушул жерде кайдагы сопулук?

Балдарды багуубу? Жок, бага албаймын. Багаар элем, кандайча багуу туура экендигинин маанисин билбеймин, ким болсун деп багамын, кайсыл элге кошоюн, кандай аракетке кошоюн? Балдарымдын алгы өмүрүнүн, билиминин пайдасын тынч көрө турган таба албадым, кайда бар, эмне кыл дээримди билбей олтурамын, ким бол деп багамын? Аны да түшүнө албадым.

Акырында ойлодум: ошол, оюма келген нерселерди кагазга жаза берейин, ак кагаз менен кара сыяны эрмек кылайын, кимде-ким ичинен керектүү сөз тапса жазып алсын, же окусун, кереги жок десе өз сөзүм өзүмдүкү дедим да акыры ошого бел байладым, эми андан башка эч бир жумушум жок.

Экинчи сөз

 Мен бала кезимде укчу элем, биздин казак сартты көрсө күлчү эле: “Энеңди урайын, көөдөк, чулдураган тээжик, үй жабам деп аркасына камыш арткан, кез келгенден корккон, көрө калганында “аке-үкө” деп, узаары менен кызына чейин тилдеген “сарт-сурт” деген ушу”- деп. Ногойду көрсө аны да боктоп,күлүшчү эле: “Төөдөн корккон ногой, атка минсе чарчап, жөө жүрсө күйүгүп, ногой дегенче нокай десеңчи, ал да жарашпайт, солдат ногой, качкын ногой, алдамчы соодагер ногой”- деп. Оруска да күлүшчү: “Айылды көрөрү менен чаап алган, сары баш жаман орус”- деп. – “орус оюна келгенин кылат дейт, эмне айтса ошого ишенет, “узун кулакты таап бер деген ушу”,- деп. Ошондо мен ойлочу элем: “Ай, кудай ай, биздин башка калктардын баарын ант урган, жаман экен, эң табылгыс калк биз экенбиз”,- деп, алиги айтылган сөздөрдү өтө бир шумдук көрүп, кубанып күлүп калчумун. Эми карап турсам сарттын экпеген эгини жок, өстүрбөгөн жемиши жок, соодагеринин жүрбөгөн жери жок, кылбаган өнөрү жок. Бекеринен убара болуп, бири-менен бири, эч бир шаары жоолашпайт!

Орус болбогондо казактын кепинин, тирүүсүнүн кийимин ким жеткизип турмак. Эки балага жете турган малыңды акылап ошолор айдап кетип турушту го. Биз орустан эмес, алар биздин көптөгөн өнөрлөрүбүздү үйрөнүп кетишти. Ашынган байлар да, чоң окумуштуулар да, эптүүлүк, жасануу, сыпайылык – баары ошолордо.

Ногойго карасам, солдаттыкка да чыдайт, кедейликке да чыдайт, азага да чыдайт, молдо, медресе сактап, дин күтүүгө да чыдайт. Эмгек кылып, мал табуунун да жөнүн ошолор билет, салтанат, азем да ошолордо. Алардын малдарына, кузгун сымал тамагыбыз үчүн бирибиз жалчы, бирибиз кошчубуз. Биздин эң байыбызды:”сенин булганган бутуң менен тамак бышыра турган идишке жакындамак түгүл, чык, сасыган казак”,- деп үйүнөн кууп чыгарат. Ошонун баары – бирине-бири өч болбой, чарба күтүп, өнөр тутуп, мал таап, зор болгондуктун аркасы. Оруска айтар сөз да жок, биз кулу, күңү катары да жокпуз.

Баарыбыз мактанып, маашырланып, шылдың сөз айтууга жөнүбүз барбы?

Үчүнчү сөз

 Казактын бирине-бири кас болорунун, биринин тилегин бири колдобостугунун, жакшы сөзү аз келээринин, кызматка мансапкорлугунун, өздөрүнүн жалкоо болоорунун себеби эмнеде? Жалпы ааламга белгилүү даанышмандар алда качан байкаган: ар бир жалкоо киши коркок, кайратсыз болот, ар бир кайратсыз коркок мактанчаак келет, ар бир мактанчаак коркок акылсыз, наадан келет, ар бир акылсыз наадан арсыз келет, ар бир арсыз жалкоону байкасак ач, топуксуз,өнөрсүз, эч кимге досчулугу жок жандардан болуп чыгат.

Мунун баары төрт аяктуу малды көбөйтүүдөн башка оюнун жоктугунан, соода, өнөр, илим сыяктуу дит бурса андай болбос эле. Ар бир мал кубалаган адам малым көбөйсө, өзүм да, балдарым да малдуу болсок деп калат экен. Ал эми малы көбөйсө малчыларга бактырып коюп, өздөрү этке, кымызга тоюп, жайлоону жайлап, этекти басып олтура берет. Кыштоосу тарлык кылса арызы жетип, сыйын  көргөн бирөө кызматын көрсөтүп бирөөнүн кыштоосун сатып алып, алдап же тартып алмак. Ал, кыштоосунан айрылып калганы дагы бирөөнө үстөмдүк кылып тийишмек, болбосо жай которуп элден ооп кетмек - ар казактын ойу ошол.

Алар бири-бирине жакшылык ойлой алабы? Кедей көп болсо акысы кем болот, малдан айрылгандар көбөйсө кыстоосу күчөйт деп мен аларды кедей болсо экен деп, алар менин кедейлигимди самап, айылда кас саналдык. Акыры ачык чыгып жоолоштук, доолоштук, алысташтык.. Ошондой кастарга сөзүм өтүмдүү болсун жана да эптеп мал топтоого күчүм жетиштүү болсун деп кызматты, болуштук бийликти талаштык.

Ошол, кай бир момундун баласы бөтөн жакка чыгып, иштеп, мал издебейт, ага эгин, сооданын да кереги жок. Өз башын өзү билбей, талаш менен киши көбөйтөбүз деп топ жыйгандардын бүгүн бирөөнө, эртең бирөөнө кезек менен сатылат да жүрөт. Бузукулар тыйылбайт. Эл тынч болсо анын бузукулугун эч ким колдобос эле. Эл эки бөлөк болгон соң кимиси ант ичип актап-мактап, арамдыгын жактап, колдоймун десе ошол жактык боло ага сүйөнүп, бузукулугун мурдагысынан алда нече эсе күчөтөт.

Элдеги жакшы адамдардын биринин үстүнөн жалган, калп “чапты, талады” деген ар түрлүү кылмыш иш таап, арыз жазат. Аны жоопко чакырып, тергөөгө чакырат. Өзү көрбөгөн жалганды көрдүм дечү күбөлөр да алда качан эле дайындап коюлат, көздөгөнү жакшы адамды шайлоого өткөрбөй коюу үчүн. Ал адам башын куткарып калуу үчүн жамандарга жалынса, анын да адамдык касиетинин кеткени, эгер жалынбаса тергөөдөгү, соттолуучу адам болуп эч бир кызматка алынбай, башы ылдый түшкөнү. Ал эми болуш болгондор өзү куулук, арамдык менен болуштукка жеткен соң момунду кадырлабайт, өзүндөй арам, кууларды кадырлайт, же өзүмө дос болуп жардамы тиет деп, же эгер кас болуп калса мага да бир залалы тиет деп.

Азыр казак ичинде “Иши билбейт, киши билет” деген макал чыкты. Анын мааниси: ишинин түздүгүнөн жетпессиң, кишиң амалдуу, айлакер болсо жетээрсиң” деген сөз. Үч жылга болуш шайланат. Алгачкы жылы “сени биз шайладыкбы?”- деген элдин манчыркоосу менен өтөт. Экинчи жылы атаандашы менен аңдышып жүрүп өтөт. Үчүнчү жылы шайлоого жакындап калып, дагы да болуш болуп калууга болор бекен деген үмүт менен өтөт. Ошондо эмнеси калат?

Ушу казак калкынын ушундай бузукулукка батып, жылдан жылга төмөндөп бара жатканын көргөн соң оюма келет: калктын болуштукка шайлаймын деген кишиси палан кадырлуу, орусча билим алган киши болсун. Эгерде арасында андай кишиси жок болсо, же бар болсо да шайлабаса, уезддин начальниги менен аскер губернаторунун дайындоосу менен болсо ал калкка пайдалуу болор эле. Анткени: оболу – кызматкумар казак балдарына билим берүүгө ал да пайдалуу иш, экинчиден – дайындалган болуштар калкка эмес, улуктарына милдетүү болушар эле.

Ие, дайындалганда тергөө, сурактын барлыгына карабаса, жалган арыз жазуучулар азаяр эле, балким жок болмок. Ие, ар бир болуш элде бирден старшина шайлануусунан калкка көп залалы тийгендиги көрүнүп, ачык билинди. Бу бийлик жүргүзүү дегениң биздин казак ичинде ар бир эле шайланган кишинин колунан келе бербейт. Ал үчүн мурдагы “Касым хандан кашка жолун, Эсим хандын эски жолун”, Тауке хандын “Күл төбөнүн башында, күндө кеңеш болгондогу “Жети жарлыгын” билүүсү керек. Эми ал эски сөздөрдүн касы бири заман өзгөрүүсүнөн улам эскирип, бул жаңы заманга келишпесе, анын ордуна татыган толук чечим чыгарып, жооп алаарга жарарлык киши болушу керек, андай киши аз, же такыр жок.

Мурдагы казак жайын жакшы билген адамдар айтыптыр: “Бийи экөө болсо, доосу төртөө болот” деп. Анын мааниси – так болбосо, кош бийлер талашып, доо көбөйтө беришет деп айтылган сөз. Антип бий көбөйткөнчө ар бир болуш элден татыктуу-билимдүү бийликке жыл бою толук шайланса, алар түшсө да жамандыгы ашкере болгондо гана түшсө, антпесе алынбаса.

Ал бийлерге доогер адамдар карабай, экөө эки кишисин бийликке тандап алып, үстүнө бирөөнү ортомчулукка шайлап ала берсе, эгер анда да ынтымакташа албаса, мартабалуу үч бийдин бирөөнү алып, же чүчүкулак менен шайлап алып баш ийишсе, ошондо доо узарбай, бүтүм болор эле.

Төртүнчү сөз

 Ар бир байкаган адам билсе керек: күлкүнүн өзү бир тыңсынуу экенин, ар бир тыңсынган кишиден сандырактын көп болорлугун да, ар бир төрөпейил кишинин  сүйлөгөн сөзүнүн баш оорутмасы көп болорлугун да. Андай болгондо күлкүгө  кабылган киши же оокаттан, же акылдан адашып, же бир шылдыңга каларлык жагдайга калса керек. Ошондой шылдыңга көп кабылып, алардан арылууну илгебеген адам же турмушта, не акыретте кыжалат болбой койбосо керек.

Ар бир убайым-кайгычыл киши же турмуш-тиричиликте, же о дүйнөдө жыйнактууракк болсо керек. Ар бир жыйнактуунун түбү аракет. Андай болгондо өмүр бою убайым-кайгы менен жүрө беребизби? Эзели күлбөй жүрүүгө жан чыдай алар бекен? Жок, мен дайыма убай-кайгы менен бол дебеймин. Убайым-кайгыны тартчу жерден тарткын да, тартпачы жерден орундуу жол табууң керек. Ар бир туура аракет убайым-кайгыны азайтат, ыксыз күлкү менен аны азайтпа, орундуу аракет менен азайт!

Чыгаар эшигин таба албай, убайым-кайгыга батып алып, камалып калуунун өзү да бир акылсыздык. Ар бир жаңылган кишинин кылыгына күлсөң ага маашыркап күлбө, ыза болгонуңдан күл, ызалуу күлкүнүн өзү кайгы. Андай күлкүгө эзели өзүң да кабылбассың, ар бир жакшы адамдын жакшылык тапканына ырахаттанып күлсөң, анын жакшылыктарынан, жакшылыкты тапканынан үлгү алып күлгүн. Ар бир сабак алуунун өзү шылдыңга жеткирбей, убагында токтотуп калат. Көп күлкүнүн баарын жактаганым жок, анын арасында бир күлкү бар го, ал - жараткан Кудайга жагар орундуу иштен, көкүрөктөн, жүрөктөн чыкпайт, жасалма, өңүн, ооз-бетин жасап, үнүн окшоштуруп, жакшы көрүнүү үчүн күлгөн жасалма күлкү.

Адам баласы ыйлап туулуп, кейип өлөт. Анын  ортосунда бу дүйнөнүн ырахатынын кайда экенин билбей бири-бирин аңдып, бирине-бири мактанып, өткөн өмүрдү эскерүүсүз, бош, жарамсыз жашап, кор кылып өткөзөт да, зарлаган күнү бир күндүк өмүрдү бар малына сатып ала албай калат.

Кууланып, жалдырай тиленип адам болуу – амалсыз иттин иши. Абалы Кудайга сыйынып, экинчиден өз кайратыңа ишенип, таза эмгек кылсаң кара жер да акыбетиңди берет, куру калтырбайт.

Бешинчи сөз

 Көкүрөккө толуп-ташкан кайгы адамга баш ийбейт, тулку-бойду титиретип, алдан  кетирип, көздөн жаш болуп куюлат, же тилден сөз болуп агып чыгат. Ошондо казактар: О, кудай, жаш баладай кайгысыз кыла гөр!” деп тилек кылганын өзүм көрдүм. Анысы жаш баладан эстүү көрүнүп, айласы кетип, акылдуу киши болуп көрүнгүсү келгени. Ал кайгысы эмне десең сөзүнөн байкайсың: аялы “Түштүк өмүрүң болсо, күндүк мал жый”, “Колуңда жок болсо агаң да душман”, “Мал – адамдын боор эти”, “Малдуунун бети жарык, малсыздын бети чарык”, “Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдо”, “Эрдин малы элде, эриккенде колдо”, “Берген – жүз ачар”, “Алагар колум – берешен”, “Мал тапкан эрдин жазыгы жок”, “Байдан үмүтсүз – кудайдан үмүтсүз”, “Карының ачса, каралуу үйгө чап”, “Казы жок көлдөн без, кайыры жок элден без” деген сыяктуу сөздөрү көп, эсепсиз толуп жатат.

Бул макалдардын маңызы неде? Маалым болду: казак тынчтык үчүн, билим үчүн, адилеттик үчүн кам көрбөйт экен, мал үчүн кам көрөт экен, бирок ал малды кандайча табууну билбейт экен, бар билгени малдууларды алдап алуу, же мактап алуу экен, бербесе аны менен жоолашат экен. Малдуу болсо атасы менен жоолашууну да уят көрбөйт экен. Айтору, уурулук, куулук-шумдук, тилемчилик окшогон жоруктун кайсынысы болсо да жасап, мал тапканды жазалабоо керек экен.

Булардын жаш баланын акылынан эмнеси артык? Бирок, жаш бала кызыл очоктон коркуучу эле, булар тозоктон да коркушпайт экен. Жаш бала уялса жерге эне жашырчу эле, буларың неден болсо да уялбайт экен. Артыкчылыгы ошолбу? Колубуздагыны бөлүштүрүп талатпасак, биз да алардай болбосок, качышат экен.

Издеген элибиз ошолбу?

Алтынчы сөз

 Казактын бир макалы:”Өнөр алды – бирлик, ырыс алды – тирлик” дейт. Бирлик кандай элде болот, канткенде таттуу болушат – билишпейт. Казак ойлойт: бирлик – аты орток, кийим орток, дөөлөт орток болсо экен дейт. Андай болгондо байлыктан не пайда, кедейликтен не залал? Агайың турганда мал издеп не керек? Жок, бирлик – акылга бирлик, малга бирлик эмес. Малыңды таратып олтурсаң атасы башка, дини башка, күнү башкалар да жалданып бирликке келет! Бирлик малга сатылса, ант ургандыктын башы ошол. Агайындар албастан биримдикте болуусу керек, ошондо ар ким насибин Кудайдан тилейт, антпесе Кудайдан тилебейт, чарба курабайт. Абалы, бирине-бири балээ издейт. Же жүзүн, же ажарын, же өпкөсүн пулдап, ал болбосо бир балээ салып, корголотуп, айтору бирин-бири алдоонун амалын издейт. Анын неси бирлик?

“Ырыс алды – тирлик” дейт, ал кандай тирлик? Жан дилиңден чыкпагандыкпы? Жок, андай тирлик итте да бар. Андай тирликти кымбат көрүп, пулдаган адам өлүмдү жоо көрүп, акыретке душман болот. Жанын корголотуп, жоодон качып, коркок атанып, эмгек кылуудан, кызмат кылуудан качып, жалкоо атанып, жалгыз атанып, дүнүйөдөгү алиги айтылган ырыстарга душман болот. Айтылган тирлик ал эмес.

Көкүрөгү, көңүлү тирүү болсо ошону айтат. Өзүң тири болсоң да көкүрөгүң өлүү болсо, акыл табууга сөз уга албайсың. Адал эмгек менен эринбей жүрүп, мал табууга жигерлик кыла албайсың.

Кеселдүү жалкоо, калжаңбаш,

Бекер тамак, бекер аш,

Сыртың – бышык, ишиң – нас,

Артын ойлоп уялбас,-

Болуп жүрүп, тирүүмүн дебе, андан Алла жиберген ак буйруктуу өлүмдүн өзү артык.

Жетинчи сөз

 Жаш бала энеден туулганда эки түрлүү мүнөз менен туулат: бирөө – ичсем, жесем, уктасам деп турат. Булар дене кумары, алар болбосо дене жанга жай боло албайт. Же өзү өспөйт, же тоюп кубат таппайт. Бирөө болсо билсем экен дегендик. Эмнени көрсө ошого талпынып, жалтыр-жылтыр этсе ага кызыгып, оозуна салып, умсуна карап, керней-сурнай болсо добушуна маашыркап, анан эр жетип калганда ит үрсө да, мал чуулдап, бирөө күлүп-ыйласа да тура жүгүрүп “ал эмне?”, “бул эмне?” деп, “ал эмнеге ошентти?”, “бул неге ушинтти?” деп, көзү көргөн, кулагы уккандын баарын сурап, тынч албайт. Мунун баары – жан кумары, билсем экен, көрсөм экен, үйрөнсөм экен дегендер.

Дүнүйөнүн көрүнгөн же көрүнбөгөн сырларын түгөлдөп, эч болбосо дааналап билбесе адамдыктын касиети болбойт. Аны билбеген жан адам жаны болбой, айбан жаны болот.

Илгертен Кудай таала айбандын жанынан адамдын жанын ири жараткан, ошол артыкчылыгын көрсөтүп жатканы. Ошол кубат жетпеген, акылы толо элек эссиз бала күнүгө “бул эмине, ал эмине?” деп, бир нерсени сурап билсем экен дегенде уйку, тамак да эсибизден чыгып кетүүчү кумарыбызды, эр жеткен соң акыл киргенде орду менен изденип, татыктуу адамын таап сурап, билим тапкандардын жолуна неге түшпөйбүз?

Ошол, өрүшүбүздү өрүштөтө кеңейтип, кумарланып жыйган казынабызды көбөйтүүбүз керек, бул, жандын азыгы экен. Денеден жан артык, денени жанга баш ийдирүү керек. Жок, биз андай кылбадык, тынбай чуулдап, каргадай каркылдап, айылдагы чылыктыктан чыга албадык. Жан бизди жашыбыздан бийлеп жүргөн экен. Эр жетип, күч жыйган соң ага бийлетпедик. Жанды денеге баш ийдирдик, эч нерсеге көңүл бурбадык, көзүбүздү да дурустап бурбадык, көңүл айтып турса да ага ишенбедик. Көз менен көргөн нерсенин да сыртынан тойдук. Сыры кандай болду экен деп көңүл бурбадык, аны билбеген кишинин эмнеси кемиптир дейбиз. Бирөө какшаса да укпайбыз. Бирөө акыл айтса: “Ой, теңирим ай, кимден кимиси артык дейсиң?”- дейбиз, артыгын айырмалай албайбыз, айтып турса да укпайбыз.

 

Көкүрөктө жарык жок, көңүлдө ишеним жок. Кайдыгер көз менен караган биздин айбан- малдан эмнебиз артык? Арийне, бала кезибизде жакшы экенбиз. Билсек да, билбесек да билсек экен деп умтулган адам баласы экенбиз. Эми ушул, азыр айбандан да жаманбыз. Айбан билбейт, билемин деп талашпайт. Биз түк билбей туруп, биз да билебиз деп наадандыгыбызды билимдүүлүккө бербей талашканда өлөр-тирилерибизге карабай, күрөө тамырыбызды жарып ала жаздайбыз.

Сегизинчи сөз

 Акылды ким үйрөнөт да, насыйкатты ким тыңшайт?

Бирөө болуш, бири бий. Алардын акыл үйрөнөйүн, насыйкат тыңшайын деген ойу болсо ал мартабалуу орундарга шайланмак да эмес. Алар өзүбүз деле билген кишибиз, бирөөгө үлгү болуп, акыл айтабыз деп шайланышты. Өздөрү ага араң жеткен, эми элди түзөй турганы жалган. Ал канткенде уга алат, угайын десе да колу тиеби? Алгач, улугубузга айыптуу болуп каламынбы, кыңыры иштерибизди билдирип алабызбы, же калкыбызды козутуп алсакчы, же өзүбүз чыгым тартып, ал чыгымдарыбызды толтура албай калсакчы?- деген сыяктуу бирөөнүн ажатын ачайын, бирин куткарып пайда табайын деген машакаттын баары башында, колу тийбейт.

Байлардын бир күн болсо да башына дөөлөт конуп, дүнүйөнүн жарымы колунда турат. Өзүндө жокту малы менен сатып алат. Көңүлдөрү көктө, көздөрү асманда, адалдык, адамдык, акыл, илим, билим – эч нерсени малдан кымбат көрбөйт. Мал болсо Кудай тааланы да паралап алса болот дешет. Анын дини, Кудайы, калкы, журту, билими, уяты, намысы, жакыны – баары мал. Сөздү кантип уксун, угайын десе да колу тиеби? Ал малды сугарып, тойгузуу, соодасын жыйгызуу, кайтартуу, ууру-бөрү, кыш, суук-жут – алардан сактануу, сактаганга киши табуу дегендин баарын жайгаштырып, иретке салуу канча түйшүк. Колу тийбейт.

Анан ууру-залим, шум-шуркуя келген өздөрү да угушпайт.

Анча –мынча териси жука байкуштар күн көрө албай келишет. Алар антип турганда билим, илим, акыл менен кайдан иши болмок? Анан да билим, илимдин кедейге кереги жоктой: “Бизди эмне кыласың, аны сөз укчуларга айт!”- дешет. Алардын болсо өзгө менен иши жок, жогорудагы үчөөндөй жанга алдырып койгондордун эч бир кайгысы, муңу болбосо керек.

Тогузунчу сөз

 Ушу, мен өзүм казакмын. Казакты жакшы көрөмбү, же жек көрөмбү? Эгерде жакшы көрсөм алардын адат-салттарын улантуум керек эле. Ие, алардын жорук-турпатынан адамга жагарлык, көңүлгө урунт болорлук бир нерсе табышым зарыл болчу. Аларды үмүт байлоого, же андай болбосо мунусу бар деп көңүлгө кубат кылууга үндөшүм керек эле, андайым жок. Эгер жек көрсөм ымалашпай, жыйындарда сырлаш, кеңештеш болбошум керек эле, чогулмаларына барбай. “Эмне кылды, эмне болду?” дебей шүк жатуум керек эле, анте албаган соң булардын арасынан көчүп кетүү керек болчу. Буларды жөндөймүн деген, жөндөлөр, үйрөнөр деген үмүтүм да калбады. Алардын бири да жок. Бу кандай? Бул айтылгандардын бирин тутпасам болмок да.

Өзүм тирүү болгонум менен, чынында анык тирүү да эмесмин. Ушуларга ызалыктанбы, же өзүмө-өзүм ыза болгондонбу, балким бөтөн себептенби – эмнеге айтып жаканымды эч билбеймин. Сыртым аман болсо да, ичим алда качан өлүп калыптыр. Ачуулансам таарына албаймын. Күлсөм кубана алабаймын, айткандарым өз сөзүм эмес, күлгөнүм да өз күлкүм эмес, баары тең адатымдыкы. Кубаттуу күндөрүмдө казакты кыйып, бөтөн жакка кетмек түгүл, өзүн жакшы көрүп, үмүт байлап жүрүптүрмүн. Качан канык билип, үмүтүмдү үзгөн кезде өзгө жакка барып, жатты өз кылып, аларга үйүр болоюн дегенимде кайрат-жалыным түгөнүп калган экен. Ошондон улам жер үстүндө жүргөн бир куру көөдөкмүн.

Түбүндө ойлойм, бу да жакшы: “Аттигиниң ай, тигиндей-мындай иштерим калып кетти, оу!”- деп өкүнбөй, алдыга үмүт байлап, артка кылчактабай өлүүгө бел байлап жүрөм.     

Онунчу сөз

Бирөөлөр Кулайдан бала тилешет. Ал баланы эмне кылышат? Өлсөм ордумду бассын дейт, аркамдан куран окусун дейт, карыган кезимде баксын дейт. Андан башка эмне бар?

Балам ордумду бассын деген эмне сөз? Өзүңдөн калган дүнүйө ээсиз калар дейсиңби? Артыңда калган дүнүйөнүн камын сен жемек белең? Өлүп бара жатканда өзгөдөн кызганып айтканыңбы? Өзгөгө кыйбай турган сен артыкча белең? Баланын жакшысы – кызык, жаманы – күйүт, же түркүн болорун билип туруп сурадыңбы? Дүйнөдө өзүңдүн көргөн кордуктарың аз болдубу? Өзүңдүн кылган иттигиң аз болдубу? Эми бир баланы төрөтүп, аны да ит кылууга, ага да кордук тарттырууга мынчалык эмнеге кумарландың?

Балам аркамда куран окусун десең, тирүүлүктө жасаган жакшылык иштериң көп болсо  ким куран окубасын? Эгерде жамандыктарды көп жасаган болсоң балаңдын окуган куранынан не пайда, алары эмнеге жеткизмек эле? Тирүүлүктө өзүңө өзүң кыла албаган нерсени, өлгөнүңдөн кийин балаң алып бере алмак беле? Акырет үчүн бала тилегениң – балам жаш кезинде өлсүн дегениң. Эгерде эр жетсин десең, өзү эр жетип, ата-энесин тузактан куткарып аларлык бала казактан туулар бекен? Андай баланы сендей ата, сенин элиңдей эл асырап, өстүрө алар бекен?

Карыганыңда баксын десең ал да куру сөз. Абалы өзүң карууң кайткан карылыкка жетесиңби, жокпу? Экинчиден, балаң мээримдүү болуп, сени асырап аларлык болуп туулабы, жокпу? Үчүнчүсү, малың болсо, ким эле асырабасын? Малың жок болсо, кандай асыроо толумдуу болмок эле? Баланын оокат табышкер болору, оокат чачар болору – ал да эки ача. Кош, Кудай таала бала берсин, аны өзүң жакшы асырай аласыңбы? Ким билсин. Абалы өз күнөөңдү өзүң көтөргөнүң аз келгенсип, балаңдын күнөөлөрүнө дагы да орток болосуң. Алгач, балаңды өзүң алдайсың: “Ана, аны берем, мына, муну берем” деп. Башында балаңды алдаганыңа бир кушубак болосуң. Кийин балаң алдамчы болсо кимден көрмөксүң? “Уруш!” деп, бирөөгө кактырып, “Капыр боло койбос, ага тийбегилечи!” деп, кайра ага жан тартымыш этип, ашкере ээнбаштыкка үйрөтүп коюп, окууга бергенде, молдонун арзанын издеп, кат тааныса болду деп, куу, шум бол деп, “Баланчанын баласы сени сыртыңдан сатып кетет” деп, тирүү жанга ишеничтен кетирип, өзүмчүл кылып, берген тарбыяң ушулбу? Ошондой баладан кайыр, жакшылык күтөсүңбү?

Дайыма мал тилейсиңер, эмнеге керектейин деп тилейсиңер? Абалы Кудайдан тилейсиңби? Тилейсиң. Кудай небак берген, бергенин албадың. Кудай таала сага эмгек кыларлык, мал табарлык кубат берген. Ал кубатты адал ишке жумшайсыңбы? Жумшабайсың. Ал кубатты сага орду менен сарп кылууну билерлик акыл берди, аны укпайсың. Билимди окусаң, аны угарлык акыл берген, аны кайда житиргениңди ким билет?..

Эринбей эмгек кылса, түйшөлө изденсе, орундуу иш кылса, ким бай болбосун? Анын сага кереги жоктой. Сеники – бирөөдөн коркутуп, тартып алсаң, бирөөнөн жалынып сурап алсаң, бирөөнү алдап алсаң болду, көздөгөнүң эле ошол.

Бул, Кудайдан тилей турган тилек эмес. Бул -  абыроюн, уят-намысын сатып, адамды жоолап алуу, тилемчилик. Кош дейли, ошентип жүрүп мал таптың, байыдың. Ошол малды сарптап, билимге жетүүң керек эле. Өзүң таба албасаң, балаң тапсын. Билимсиз акырет да жок, дүйнө да жок. Билимсиз окуган намаз, туткан орозо, жасаган ажылык, эч кандай ибадат* ордуна жатпайт. Эч бир казакты көрбөдүм, малды иттик менен тапса да, адамча жумшаганын. Баары тең иттик менен табышат, алардан иттик менен айрылышат. Мээнет, жан талашуу, өкүнүч – ошол үчөөнөн башка эч нерсе өзүндө калбайт. Бар болсо баймын деп мактанат. Жогунда “Мага да кезинде мал бүткөн эле” деп, манчыркайт. Жакырланган соң, кайрадан кайырчылыкка түшөт.

Он биринчи сөз

 Деги, ушул элдин самап жүргөнү эмне? Эки нерсе. Абалы – уурулук, башка уруудан  уурдап мал табам деп жүрөт. Мал ээси малын көбөйтүп алып, дагы да байыймын деп жүрөт.

Төбөлдөр алып беремин деп доогерди алдап, куткарам деп ууруну тоноп жүрүшөт. Карапайым журт ууруну айтып берип мал алам деп, ууруга атымды сатып пайдаланам деп, кандай айла кылбасын арзанга түшүрүп алам деп жүрөт. Экинчиден – бузукулар бирөөнүн оюнда жок балээни ойлоп таап, минтсең бек болосуң, минтсең көп болосуң, мындай кылсаң кек аласың, мыкты аталасың деп, оокаттууларды азгыруу менен алек. Ким кыйналса мен ага керек боломун деп, к...н кыстырып алып, өзүн азыноолак азык кылайын деп жүрөт.

Төбөлдөр бали-бали, бул табылган акыл деп көшөкөрлөнүп, мен сага минтип жөлөк боломун деп, бирөөнү жеп жүрөт. Калктын көбү менин ушунча үйүм бар, ошончо айыл-аймагым менен союлуңду согоюн, самаганыңды айтайын деп, көбүрөөк бергенге партиялаш боломун деп, Кудайга жалынып, жатып-туруп өз башын, айылын, катын-баласын сатып жүрөт. Ал бир ууру, бузуку жоголсо журт ойлонуп, чарбачылыгын да кылар эле. Байлар колдо барын багып, кедейлер жогун издеп, эл сыяктуу талапка, тилекке киришер эле. Эми журттун баары ушундай эки бирдей бүлгүн ишке орток болду, аны ким түзөйт? Анттын, шерттин, адалдыктын, уяттын биротоло куруганыбы? Урууну тыюу жеңил болмок, бирок ушундай бузукунун тилине эрип турган, самап турган байларды ким тыймак?

Он экинчи сөз

  Кимде ким жакшы-жаман ибадат кылып жүрсө аны ал ибадатынан тайдырууга оозубуз барбайт, айтору, жакшылыкка жасалган ниеттин жамандыгы жок эмеспи дейбиз. Лекин, ошондой адамдардын толук ибадатка билими жетпесе да, жасаса экен. Бирок анын эки шарты бар, ошону билсе экен. Оболу – ыймандын ихтикатын* махкемлемек** керек, экинчиден толук билгенче ушул да жетет дебей үйрөнө берүү кажет. Кимде ким үйрөнө албай жатып, үйрөнүүсүн токтотсо, анда кудай урду, ибадаты ибадат болбойт. Уалекин*** кимде-ким ыймандан канча нерсе бирдей камалат**** таба аларына көзү жетрей, кайсыл жерден бузула турганын билбей, башына чалма ороп алып, азыноолак атын чыгарып, орозочул, намазчыл болуп жүргөнү менен ич жылытпай туруп, жыртыш алганга окшойт.

Көзөмөлсүз, эскертүүсүз ыйман жук болбойт, ыклас коюу менен өзүн өзү көзөмөлдөп, чын дини чынчылдап, жаны ачып турбаса, жалганчынын ыйманы бар деп айтууга болбойт.

Он үчүнчү сөз

Ыйман деген – Аллаху табарака уа тааланын***** теңдешсиз, кайып дүйнөсүнө, анын бар экенине ар түркүн бизге пайгамбарыбыз салала Аллаху салалаху галайхи уассалам****** аркылуу жиберген жарлыгына, билдиргенине моюн сунуп, ынануу. Эми бул ыйман аталган ынанууга эки түрлүү жагдай керек. Абалы эмнеге ыйман кылса, анын актыгына, акыл менен иш жүргүзө турган болуп, акылы далил – испат******* кылууга жарай турган болсо, аны “Якини” ыйман******** деп атоого болот.

Экинчиси – китептен окуп билген молдолордон эстүүрөөк бирөө ыйман келтирип, ошол

ыйман кылган нерсесин ошончолук жеткире берүү аларга керек. Бирөө өлтүрөмүн деп коркутса да, миң киши миң түрлүү аракет кылса да, ага ынабай, дилин бузбай берилүү керек. Мындай ыйманды ыйман “таклиди”* дейбиз.

Мындай ыйман болсо сактанууга коркпос жүрөк, айныбас ишеним, чечилбес түйүн болуусу керек экен. Эми ыйманы бар деп айтууга билими жок, таклиди ыйманы бар деп ишенимдүү айтууга болбой турган, алдоого, же азгырууга, же бир пайдага карап, акты кара деп, же караны ак деп, жалганды чын деп ант берген кишини эмне дейбиз?

Кудай таала өзү сактасын.

Башкасы жок, жогорку жазылган эки түрдөн башка ыйман жок. Ыйманга каршы келе турган кезде эч бир пенде “Кудай таала кеңпейилдиги менен дагы кечет” дебесин, ал Кудай тааланын кечиримине же пайгамбарыбыздын шыпаасына да жатпайт, мүмкүн да эмес. “Кылыч үстүндө шерт жок” деген, “Кудай тааланын кечпес күнөөсү болбойт” деген жалган макалдан кубат  алган пенденин жүзү курусун.

Он төртүнчү сөз

Тирүү адамдын жүрөктөн кымбат жери болобу? Биздин казактардын жүрөктүү киши дегени – баатыр киши дегени. Андан башка жүрөктүн касиеттерин аныктап биле албайт. Кечиримдүүлүк, мээрбандык, ар кандай учурда адам баласын өз боорум деп, өзүнө ойлогондой аларга да жакшылык ойлоо, булар жүрөктүн иши. Ашыктык да жүрөктүн иши. Тил – жүрөктүн айтканына көнсө жалган айтпайт. Айла-амалдын тилин укса, жүрөк үмүт самайт. Казактын “жүрөктөгүсү” мактоого жатпайт. Шертке бекем, убадасына турган, боюн жаманчылыктан тез оолак кармай алган, көчтүн артынан итче ээрчий бербей, адашкан көпчүлүктөн атынын башын буруп кетүүгө жараган, адилеттүү, акылман  нерсеге оор болсо да моюн сунуу, адилеттүү акылга жатпаган нерседен жеңил болсо да баш тартуу – эрдик, баатырдык болсо, казактар айткан баатыры – анчейин жүрөктүү эмес, карышкыр жүрөктүү дегендей.

Казак да адам баласы эмеспи, көпчүлүгү акылсыздыгынан азбайт, акылдын айтканын угуп аларлык жүрөктө жигер, кайрат, бекемдиктин жоктугунан азат. Билбестигимден жасадым дегендин көбүнө ынанбаймын. Билимди билсе да арсыз, эрки жоктугунан аны эсине албай, тутунбай кетет. Жаманчылыкка бир илешип алган соң, андан боюн ала качып кетерлик кайрат казакта кем болот. Азыркы журтчулуктун көпчүлүгү айтып жүргөн мыкты жигит, эр жигит, бышык жигит деп атап жүргөн кишилердин баары – балээге, жаманчылыкка шыкактоо үчүн, бирин бири “айда, баатырлап!” кызытып алып, артын ойлонтпой, азгыра турган сөздөрү. Антпесе кудайга терикпей, же намыс менен уятка калбай силкинип, боюн жыйып ала албаган киши, жалаң жаманчылыкка, мактанычка батып, өзүн өзү бир текшерип ала албаган киши, тың жигит түгүл абады өзү адамбы?

Он бншинчи сөз

Акылдуу киши менен акылсыз кишинин менин байкашымча, белгилүү бир сапаты болот экен.

Абалы – пенде адам болуп жаратылган соң дүйнөдө бир нерсеге кызыкпай коё албайт. Ошол кызыккан нерсесин издеген учуру өмүрүнүн эң кызыктуу мерчеми катары эсинде калат. Ошондо эстүү адам орундуу ишке кызыгып, кумарланып издейт экен да, күнүгө айтса кулак, ойлонсо көңүл сүйүнгүдөй болот экен. Ага өткөн өмүрдүн өкүнүчү да жок болот экен.

Эгерде адам өз ордун таппай, эмне болсо да ошол бир маанисиз, баасыз нерсеге кызыгып, кумарланып, өмүрүнүн кызыктуу, кымбат чагын иткордук менен өткөзүп алат экен дагы, күнүгө өкүнгөнү ишке ашпайт экен. Жаштыкта бул кызыктан соң жана да бири кызык көрүнүп, жаштыгы бүтпөстөй, ал-кубаты түгөнбөчүдөй көрүнүп жүрүп, дагы бир кызыктын артынан түшкөндө моюну катып, алы калбай, кайраты жетпей калат экен.

Үчүнчү – бардык нерсеге кызыга берүү. Ал, денеге кумар алуучу нерсе экен. Ар кандай  кумарлануу оору болуп калат экен, ал кумарланууга ышкыланганда ана-мына, жетер-жетпес болуп, ага мастык пайда болот экен.

Ар бир мастык киши боюнан ал-кубатты көп алып, акылдын көзүн байлап, тегерегиндеги сынчылардын көзүн ачып, “ана-мына” дегизип, бойду сынга кабылта турган кез экен. Ошондой кезде эстүү кишилер өтө чочулабай, акылды колдон чыгарбай, боюн сынга кабылтпай жүрүп изденет. Эссиз кишилер ээр-токумун таштап, тебетейин түшүрүп, этеги атынын к...н жаап калып, эки көзү асманда, жинди кишиче чапкылай берүүнү билет экен, андайды да көрдүм.

Эгерде эстүү кишилердин катарында болгуң келсе күнүнө бир ирет, болбосо жумасына бир, эң болбосо айына бир, эзүңдү өзүң сындап ал! Мурдагы сыныңдан берки өмүрүңдү кандай өткөрдүң, же билимге, же акыретке, же дүйнөгө жарамдуу, өткөн күндөрүңдү өкүнбөгүдөй өткөзүпсүңбү?

Жок, болбосо, кандай өткөзгөнүңдү өзүң да билбей калыптырсыңбы?

Он алтынчы сөз

Казак кулчулугум Кудайга ылайык болсо экен деп кам жебейт. Тек, журт жасаганды биз да жасап, жыгылып, туруп жүрсөк болгону дейт. Соодагер кирешесин санай келгенде “Тапканым ушул, бүттү,- деп,- же, алсаң ал, антпесе сага малды дайыма кайдан тапмак элем?” дей турганы бар. Кудай тааланы дал ошол соодагердей кыламын дейт. Тилин жатыктырып, динин тазартып, ойлонуп, үйрөнүп убара тартпайт. “Билгеним ушул, эми  карыганда кайдан үйрөнмөк элем” дейт. “Окубадың дебесе болду да, тилимдин келбегени билинбесе” дейт.

Анын тили башка элден бөлөкчө жаратылыппы?

Он жетинчи сөз

Кайрат, Акыл, Жүрөк үчөө сапаттарын айтышып, талаша кетип, Билимге келишиптир. Кайрат: “Эй, билим, өзүң да билесиң, дүйнөдө эч нерсе менсиз бүтпөй турганын. Алгач, өзүңдү билүүгө жалкоолонбой-тажабай үйрөнүү керек, ал менин ишим. Кудайга ылайыктуу ибадат кылып, жалкоолонбой-тажабай максатына жеткирмек да менин ишим. Дүйнөгө заманбап өнөр, оокат таап, абийир, мансапты эмгексиз табууга болбойт. Орунсуз, пайдасыз нерсеге үйүр кылбай, денени таза тута турган, көз карандылыктан, жеңил-желпи ийгиликтен, жин-шайтандын азгырыгынан куткара турган, адашкан жолго бара жаткан бузук ниетти кайырып ала турган мен эмесминби? Мобул экөө менден кандайча жол талашат?” дептир.

Акыл: “Не дүнүйөгө, не акыретке эмне пайдалуу, эмнеси зыяндуу болсо биле турган менмин, сенин сөзүңдү уга турган – мен, менсиз пайданы издей албайт, жазадан кача албайт экен, билимди угуп, үйрөнө албайт экен, мобул экөө менден кантип талашат? Менсиз өздөрү эмнеге жарайт?” дептир.

Алардан кийин Жүрөк: “Мен – адамдын денесинин падышасымын, кан менен тараган жан мени мекендейт, менсиз тирүүлүк жок. Жумшак төшөктө, жылуу үйдө карды ток жаткан кишиге төшөксүз кедейдин, тоңуп жүргөн кийимсиздин, тамаксыз ачтын ал-жайы кандай болуп жатты экен деп ойлонтуп, жанын ачытып, уйкусун ачып, төшөгүндө санаа тарттыра турган - мен. Улууга уят сактатып, кичүүгө кечирим кылдыра турган – мен, бирок мени таза сактай алышпайт, акырында андан кор болушат. Мен таза болсом адам баласын айырмалабаймын: жакшылыкка элжиреп эрий турган – мен, адилет, нысап, уят, кечирим, мээримдүүлүк, дей турган нерселердин баары менден чыгат, менсиз алардын күнү эмне болот? Ушул экөө менден кандайча жол талашат?” дептир.

Ошондо Билим бул үчөөнүн сөзүн угуп бүтүп:

-Эй, Кайрат, сенин айткандарыңдын баары туура. Ал айткандарыңдан сырткары да касиеттериңдин баары ырас, сенсиз эч нерсенин болбой турганы да ырас, бирок күчүңө тете катуулугуң да мол, пайдаң да көп, бирок залалың да мол, кээде жакшылыкты бир  уучтап, кээде жамандыкты бир уучтап кетесиң, ошонуң жаман,- дептир.

-Эй, Акыл! Сенин айткандарыңдын баары ырас. Сенсиз эч нерсеге жетпей турганы да ырас. Жараткан теңириңи да сен таанытасың, жаралган эки дүйнөнүн жайын да сен билесиң. Бирок, ошону менен чектелбей амал да, айла да бир сенден чыгат. Жакшынын да, жамандын да кубанганы, ишенгени – сен; экөөнүн издегенин таап берип жүрөсүң, ошонуң жаман,- дептир.

-Силердин үчөөңүн башыңарды кошмок – менин ишим,- дептир.- Бирок, ошондо бийлөөчү, амирчи жүрөк болууга татыйт. Акыл, сен көп кырдуусуң, Жүрөк сенин ал көп кырларыңа түтө бербейт. Жакшы сөз айтканыңа жан-дили кумар болот. Көнмөк түгүл кубанат. Жаманчылыгыңа эрибейт. Эримек түгүл жийиркенип, кууп чыгарат.

-Кайрат, сенин карууң мол, күчүң да көп, сени да эркиңе койбойт. Орундуу ишке күчүңдү үнөмдөйт. Орунсуз жерге колуңду бошотпойт. Ушул үчөөң башыңарды кошкула, дайыма  Жүрөк бийлик кылсын,- деп, көндүрө айткандын аты Билим экен,- Ушул үчөөң бир кишидей менин айткандарыма көнсөңөр, таманыңардын алдындагы топурак көзгө сүртөрлүк касиеттүү адам ошол болот.

Үчөөң ала болсоңор да мен Жүрөктү тандадым.

Кудайчылык ушунда – дээриңди таза сакта. Кудай ар дайым дээриңди карап турат, Китептин айтканы ушул,- дептир.

Он сегизинчи сөз

Адам баласына жамаачысыз, таза, сыпайы кийинип, ал кийимин булгап, бырыштырып кийбей, жараштыра кийинүү – жакшы. Арийне, өз дөөлөтүнөн артык кийинүү, же кийими көп болбосо да көңүлүн көтөрүп, жай алдыруу – кербездик.

Кербездин эки түрлүү адаты болот: бети-башын, сакал-мурутун, мүчөсүн, баскан-турганын, кебете-кешпирин түздөп, көкүрөгүн көтөрүп, колун жаңсап убара тартат. Дагы бирлери атын, кийимин “айран ичерим” деп, анын аркасында сыпайы, жугумдуу жигит аталмакка өзүнөн улууларга элпек болуп, өзү катарлуулардын ичин күйгүзүп, өзүнөн кичүүлөргө: “Аттиң дүнүйө ай, ушулардын атындай ат минип, кийиминдей кийим кийсең арманың барбы?!- дедирмек.

Мунун баары – маскаралык, акмактык.

Муну адам бир ойлор, эгерде бир ойлобосо кайтадан адам болмогу кыйын иш.

Кербез дегенди ушундай “кер”, “кердең” немеден безгиле деген сөзгө окшотомун.

Түпкүлүгү, адам баласы адам баласынан акыл, билим, намыс, мүнөз деген нерселери менен озот. Андан башка нерселер менен оздум го дегендин баары тең – акмактык.

Он тогузунчу сөз

 Адам ата-энеден төрөлгөндө эле акыл-эстүү болбойт: угуп, көрүп, тутуп, татып эс кирсе, дүйнөдөгү жакшы, жаманды тааныйт дагы, алардан билгени, көргөнү көп болгон адам билимдүү болот. Акылгөйлөрдүн айткан сөздөрүн угуп жүргөн кишинин өзү да акылгөй  болот. Эстүүлүктүн бардыгы эле пайда боло бербейт. Ошол акылгөйлөрдү угуп, алар билген жакшы нерселерди эске ала жүрсө, жаман нерселерден сактанса, оондо пайдасы тиет, ошону адам атаса болот. Андай сөздөрдү укканында кайсактап, алаңказарланып, же далдырап, дейдиленип укса, же уккан жерде кайта кайрылып сурап, жакшылап угуп калайын дебесе, ошол жерде сөздүн аныгына көзү жетсе да, мындай чыкканда жаңылыш чыкса угуп-укпагандан не пайда?

Андай кеп жебеген элге сөз айтканча өзүңдү тааный турган чочкого айтканың жакшы деп бир аким айткан экен, ошол сыяктуу сөз болду.

Жыйырманчы сөз

Тагдырга жазылганын билесиздер – өзгөрүлбөйт. Пендеге бүткөн тажоо деген бир сапат бар. Ал – тагдырда адам менен бирге жаратылган нерсе, аны адам өзү тапкан эмес. Ага эгерде бир илешсе адам баласынын кутулмагы кыйын. Кайраттанып, силкип таштап кетсең да акырында кайра келип жеңет. Акылы ордунда, эстүү адам баласы байкоос салса, адамдын тажабай турган нерсеси бар бкен? Тамактан да, оюндан да, күлкүдөн да, мактоодон  да, кербездиктен да, тойдон да, чөйрөдөн да, катындан да азбы, көппү көңүл тажайт. Ал үчүн баарынын кемтигин көрүп, маанисиздигин билет, көңүлү мурдагыдан да сууй баштайт. Дүнүйө бир калыпта турбайт, адамдын кубаты, өмүрү бир калыпта боло бербейт. Ар бир макулукка Кудай таала өзгөрүп турууну берген жок. Анан кантип көңүл бир калыпта тура алсын?

Бирок ошол тажоо деген нерсени көрөм деген, көп көргөн, даамын, баркын, баарынын тең маанисиздигин билип бүтүү ойлуу адамдан чыгат. Өмүрүнүн ошончолук маанисиздигин, дүнүйөнүн бардык кызыктарынын кыскалыгын көрүп-билгендер тиричиликтен да тажаса болот. Андай болгондо акмактык, кайгысыздык да бир олжо экен деп ойлоймун.

 Жыйырма биринчи сөз

Азбы, көппү адам баласы мактоону каалабасы – кыйын иш. Ошол, мактоо дегендин эки түрүн байкадым: бирин зорлук деп атаймын да, экинчисин мактанчаактык деймин. Зорлук – адам өзүнө өзү ичтен баа бере билет. Арийне, наадан аталбастыгын, жеңил атанбастыгын, мактанчаак аталбастыгын, адепсиз, намызсыз, туруксуз, пайдасыз, тилемчи, өкүтчү, жалганчы, оорулуу – ошондой жараксыз жосундардан сактанып, ал сапаттарды боюна жуутпай, өзүн алардан зор эсептегенинде. Бул мүнөз – акылдуулардын, уяттуулардын, артыктардын мүнөзү. Алар өзүмдү жакшы дебесе мейли, өздөрү билсин, жаман дегизбесем экен деп азаптанат. Экинчи, мактанчаак деген бирөө “дебесин” дебейт, “десин” дегенди самайт. Бай десин, баатыр десин, куу десин, бышык десин, кандай болсо да ар дайым “десин” деп азаптанып жүрүп, “дебесинди” унутуп калат. Унутмак түгүл, биринчи милдети экенин эстебейт. Мындай мактанчаактар үч түрлүү болот. Бирөө, жат адамдарга мактанарлык мактаныч издейт. Ал наадан, рас, наадан да болсо адам. Экинчиси, өз элинин ичинде мактана турган мактаныч издейт. Анын наадандыгы анык, адамдыгы анык эмес. Үчүнчүсү, өз үйүнө келип айтар, же айылына келип айтар, өзгө кишиге мактаныч издейт. Ал – наадандын нааданы, арийне өзү адам эмес.

Жаттарга макталсам экен дегени – элим мактаса экен дейт. Элим мактаса экен дегени агайын-туугандарым макташса экен дейт. Агайын-туугандардын арасында мактаныч издеген – өзүмдү өзүм мактап жетем дейт.

Жыйырма экинчи сөз

Дал ушул күнү казактын ичинен кимди жакшы көрүп, кимди кадырлаймын деп ойлодум.

Байды кадырлайын десең бай жок. Бай болсо өз башынын, өз малынын ээлиги болоюн деген менен алек. Эч бир бай өз малына өзү ээлик кыла албайт. Кай бир бай бөлөк бирөө менен эрегишем деп, жүз кишиден калканыч издеп, жалынып, малын илештирип жүрөт. Ал ойлойт: акыры жалдыратамын аны деп, акмактыгынан улам. Жок, өзү жалдырап жүрөт. Кайрымдуу да эмес, мырзалык да эмес, өз эли менен, өз жери менен кармашып, акылсыздарга койнун ачып, малын чачып жүрөт. Кээ бир байлар, элдеги жакшылар, майлуу-сүттүүлөр берекеден куру калган соң, кеселдүү куулар көбөйүп кетип, алар дайыма коркутуп, издеген жогу жок, аргасыз ар кимге жем болуп жүрөт.

Мырзаларды кадырлайын десең, азыр элде анык мырза жок, мал бергич мырза иттен көп. Бирөө бир пайдасын көрөмбү деп мырза болуп жүрөт. Бирөөлөрү к...нө куур кийизди тузга малып тыккан соң коркуп, мырза болуп, айласыздан кимиси болсо ошого талтайып эмизип жүрөт.

Болуш менен бийди урматтайын десең Кудайдын өзү берген болуштук менен бийлик элде жок. Жалынып жатып сатып алган, баш уруп алган болуштук менен бийликтин эч бир касиети жок.

Мыктыны урматтайын десең жаманчылыкка элдин баары мыкты, жакшылыкка мыкты киши элде жок.

Эстүү кишини таап урматтайын десең адилет, уят, нысапка эстүү киши элде жок. Куулук, шумдук, арам амалга элдин баары тең эстүү.

Карып бечараны урматтайын десең чөккөн төөгө мине албаса да анысы момундукка эсеп эмес. Эгерде минерге чамасы болсо бирдемени эптеп илип аларлык да жайы бар.

Эми куу менен шум калды, алардын өздөрү да бирөөлөрдү кубартпай, соолтпой жай ала турган эмес.

Эми кимди сүйүп, кимдин тилегин тилейбиз? Өздөрү курттап, чачылган болуш-бийлер тура турсун. Эми, албетте, амал жок, момундугунан “Ырыс баккан доо бакпас” деген макал тутамын деп, бергенинен жага албай, жарымын берип, жарымын тынч бага албай, ууру, залым, кууларга жем болуп жүргөн чыныгы момун байларды аябасаң, же алардын тилегин тилебесең болбойт. Алардан башканы таба албадым.

Жыйырма үчүнчү сөз

Биздин казакты оңдурбай жүргөн бир кубаныч, бир жубатуу дегендер бар.

Анын кубанычы – элден бир жаманды таап алып, анын өзү жасабаган жаманчылыгы чыкса кубанат. Анан айтат: “Кудай баланчадан сактасын, ал да адаммын деп жүрөт го, анын жанында биз бийик кишинин бири эмеспизби, ага караганда мен таза адаммын го?”- деп. Ага Кудай таала айтыптырбы, баланчадан кем болсоң болот деп? Же билермандар айтыптырбы, айтору, сенден нааданчылыгы ашып түшкөн, же жаманчылыгы көбүрөөк  киши табылса, сен жамандарга кирбей каласың деп? Жаманга түртө салып, жакшы боло алабы? Жакшыга оодара салса дагы жакшы болот. Жүз ат байгеге сайылса, мен байге алам деген ниет менен алдыда нече ат, артында канча ат бар деп сурагандын эмнеси сөз? Мен беш аттан, он аттан алдыда элем дегендин эмнеси кубаныч?

Эми жубатуусу – “Жалгыз эле биз бекенбиз, элдин баары эле ошентип жүрүшөт го, көпчүлүк менен көргөн той улуу, көп менен бирге болсок болду да” деген сөзгө көңүл жубатып калат. Ага Кудай таала айткан бекен, көпчүлүктөн калбасаң болду деп. Көпчүлүккө каарым тийбейт деп. Көпчүлүккө тузагым жетпейт дептирби? Билим көпчүлүккө келиптирби? Бирөөнөн тарайбы? Хикмет* көптөп тарайбы? Бирден тарайбы? Көпчүлүккө азап-кордук келбейби? Бир үйдөгүлөр түгөл оорушса жеңил тиеби? Жер тааныбаган көп адамдар адашып жүрүшсө, жер билген бир кишинин кереги жок бекен? Көптөгөн жолоочулардын баарынын аттарынын арып-азганы жакшыбы? Же жарымы арыса да, жарымынын күүлүү жүргөнү жакшы эмеспи? Жут келсе элдин баарынын түгөл жутаганы жакшыбы? Жарым-жартылайы аман калганы жакшыбы? Көп акмак бир акмактын эмнесине көңүл жубатат? Бүт тукумубуздун оозу сасык болчу деген жаман  күйөө берген калыңын кайрып алыптырбы? Көңүлүн ошол сөз ыраазы кылган бекен? Эми көпчүлүктөн калбай, сен да оозуңду сасыта бергин дептирби?!

Жыйырма төртүнчү сөз

Жер жүзүндө эки миң миллиондон ашык адам бар, эки миллион* казак бар.

Биздин казактын достугу, душмандыгы, мактанычы, мыктылыгы, мал издөө, өнөр издөө, журт таануусу эч бир калкка окшобойт.

Бирибизди бирибиз аңдып, жоолап, уурдап, кирпик кактырбай олтурганыбыз да.

Үч миллиондон ашуун калкы бар бир шаар да дүйнөдө бар, дүйнөнүн баш-аягын үч айланта көргөн кишилер толуп жатат.

Ошентип, жер жүзүндөгү элдердин кору болуп, бирибизди бирибиз аңдып өтөбүзбү? Же, казактар арасында да уурулук, калп, эрегиш, кастык кылып, өнөрдү, малды бөтөн талаа-түздөн жыйноо жолу менен издеп, өрүштүү күн болор бекен?

Эй, эмне болмок эле!.. Жүз малга эки жүз киши сугун артып жүрүшөт го, бирин бири курутпай, курубай тынч калышар бекен?

Жыйырма бешинчи сөз

Балдарды окуткан да жакшы, бирок өз эрки менен, түркий нукта гана таза окутса болот. Ал үчүнбул жер Дар эл-харб**, мында абалы мал ьабуу керек, андан соң араб, парсы

керек. Курсагы ач кишинин көңүлүндө акыл, боюнда ар-намыс, билимге умтулуу кайдан болсун? Оокат-азыкка малдын тартыштыгы да агаин-туугандардын араздашуусу менен лүү бирге ар түркүн балээге, уурулук, зордук, куулук-шумдук сыяктуу нерселерге түртө л турган себеп болот. Мал тапса, курсак тоёт. Андан кийин билим түгүл өнөр керек болот. Аларды билейин, же балама үйрөтөйүн деген жакшы ойлор келет.

Орусча окуу керек, акыл да, мал да, өнөр да, билим да – баары оруста турат. Аларды сузуп аларга кашык, пайдасын алууга тилди, окууну, билимди өздөштүрүү керек. Анткени, алар дүнүйөнүн тилин билишет, ошолордой болушат. Сен бирөөнүн тилин билсең, көкүрөк көзүң ачылат. Ар кимдин тилин, өнөрүн билген киши анын катарына кошулат, ашыкча жалынбайт. Динди да жакшы билүү керек. Кошоматтык менен көңүлүн алсам экен деген наадан ата-энесин, агайын-журтун, динин, адамдыгын топтоп туруп бир тыйынга сатып жиберет. Мага майордун күлкүсү керек деп, к...ү ачылса да кейибейт. Орустардын билими, өнөрү – дүнүйөнүн ачкычы, аны билсең дүнүйө арзанга түшөт. Арийне, азыркы күндө да орус билимин баласына үйрөткөн жандар анын күчү менен дагы казакты аңдысам экен дейт. Жок, андай ниетте болбоо керек. Оокатты кандай мээнет менен таба алат, ошону үйрөтөлүк, аны көрүп жана үйрөнүүчүлөр көбөйсө улуксунган орустардын журтка бирдей закону болбосо, законсуз кордугуна көнбөс элек. Казакты коргоюн деп, биз да эл болуп, журт билгенди билип, калк катарына кошулуунун камын жейлик деген ниет  менен үйрөнүү керек. Азыр да орустардан окуган балдардан артык, жакшы киши чыга албай турат. Себеби, ата-энеси, агаин-тууганы бир жагынан бузуп жатышат. Ошентсе да, ал, окуган балдар окубаган казак балдарынан алдыда, өскөн. Кандай кылса да алар сөз  түшүнөт. Жакшы атанын балдары да көп окушкан жок, кайта кедейдин балдарын оруска кор кылып беришти. Алар андан артык эмне кылмак? Алтургай, кээ бир казак агаиндер  араздашканда: “Сенин ушул кордугуңа чыдаганча баламды солдатка берип, башыма чач, мурдума мурут коюп кетпесемби!” дешет. Ушундай жаман сөздү, Кудайдан коркпой,  пендеден уялбай ушинтип айткан казактардын балдары окуганы менен кандай боло алмак? Ошондо да өзгө казак балдарынан ашыкча үйрөнгөнү эмне, кайсыны көп  үйрөнүптүр? Кирди-чыкты, укту, кайтты, тереңдеп окуган бала да жок. Атасынын  окутканга араң акчасы жетет, өз малын кантип жокко чыгарсын. Туурасын айтканда балаңа катын алып бербе, энчи бербе, колдо барын коротсөң да балаңа орустардын билимин үйрөт! Мен айткан жол – малды аяй турган жол эмес.

Кудайдан корк, пендеден уял, балаң бала болсун десең окут, малды аяба! Антпесе, бир ит казак болуп калса сени ыраазы кылабы, же өзү ырахат алабы, не журтту ыраазы кылабы?

Жыйырма алтынчы сөз

Биздин казактардын сокого кошкон аты алдында келсе, күрөшкө түшкөн баласы жыкса, салган кушу алса, аңга салган ити башкадан озуп чыгып тиштесе, эстен танганча бир кубанат. Билбемин, ошондон артык кубанычы бар болду бекен? Ай, жок да чыгар! Ошол кубанычтын баары тең казак туугандардын арасында, бир айбандын өнөрүнүн артыгынан башка бир бөтөн адамдын утулганына мактана турган эмнеси бар? Ал, озуп чыккан, алган, жыккан өзү эмес, баласы да эмес. Мунун баары – казактын казактан башка жоосу жок, биттей нерсени чоң бир иш кылган кишидей кубанган болуп, башкаларды ызаласам дегени. Бирөөнү ыза кылуу – шариятта арам, чарбага – залал, акылга – терс. Анчалык бирөөнү ыза кылуунун эмнесин дөөлөт санап, кубанат болду экен? Же болбосо, ал ыза болгону ошончолук эмнеге тебеленип калат болду экен?

Күлүк ат – кээде ал элде, кай бирде бул элде боло турган нерсе, кыраан куш да, күлүк ит да, - кээде анын колуна, кээде мунун колуна келе турган нерсе. Балбан жигит да жалаң эле бир элден чыгабы? Кээде ал элден, кээде бул элден чыга берет. Анын баарын адам өз өнөрү менен жасап алган жок. Бир озгон, бир жыккан дайыма эле озуп, дайыма эле жыга бербейт. Ошонун баарын тең билип туруп, жерге кирип кете тургудай кемсинип, жамандыгы чыккандай эмнесине уялып, кор тутат экен?

Эми ушулардан билсеңиз болот, наадан эл кубанбас нерсеге кубанат, же кубанганда эмне деп, эмнени койгонун, же жасаганын өзү билбей, эси чыгып, мастыкка алдырып койгонсуйт. Арийне, уялгандары уялбас нерседен уялат, уяларлык нерседен уялбайт. Мунун баары – наадандык, акмактык сыяктуу. Буларды айтсаң кай бирөө “ырас, ырас” деп, муюган болот. Ага ишенбе, эртең ал да алигилердин бири болуп кетет. Көңүлү, көзү жетип турса да, ацбан сыяктуу мурдагы адатынан өзүн алыс кармай албайт, эрксиз болуп, аны эч ким токтотуп, көндүрүп болбойт.

Кандай жамандык болсо да адат тутса, казак ал адатынан айласыздан, же өлгөндө токтойт, болбосо акылына келип, мунум туура эмес экен деп ынанып, ойлонуп, өзү токтогон адамды көрбөссүң

Жыйырма жетинчи сөз

(Сократ төбөлдүн сөзү)

Бир күнү Сократ төбөл Аристодем* деген аалым шакиртине Кудай табарака уа тагалага** баш ийүү тууралуу айткан экен. Ал өзү баш ийгендерди шылдыңдай турган.

-Эй, Аристодем, сенин билишиңче, өнөрүнө адам айран таң кала турган адам барбы?- деген экен.

Ал:

-Толуп жатат, урматтуум,- дейт.

-Бирөөнүн атын айтчы,

-Гомердин акындыгын, Софоклдун трагедиясын айта алам, эгерде бирин атасак, Зевксистин сүрөтчүлүгүнө таңыркайм,- деп, дагы ошолор сыяктуу өнөрлөрү менен өзгөчөлөнгөн адамдарды атайт.

-Андай болсо, айрыкча таң калууга кимиси ылайыктуу: жансыз, акылсыз сөөлөттү жасай турган сүрөтчүбү? Же жандын ээси, акылдын ээси болгон адамды жаратуучубу?- деп сурайт.

-Кийинки аталганы татыктуу,- дейт,- бирок, ал жаратуучу катары жаратты, кез келип, өзү ошондой болуп кетпей, алдын ала билип жасаган олуялыгы болгондур.

-Ие, пайдалуу нерсе дүйнөдө көп, ар нерсенин пайдасы көрүнүп, билинип турат. Кайсыл биринин пайдасы анык билинбейт. Ошонун кайсынысын олуялык дейсиң?

-Арийне, пайдасы мол жаратылганын олуялык десек болот го дейм.

-Ие, андай болсо адамды жаратуучу Хауаси*** хамса заhри**** бергенде, тахкик***** ойлоп, алардын пайдасынын бардыгы түгөл ага муктаж болорлугун билип бергендигинин айрыкча түрү эмеспи.

Алгач, көздү көрсүн деп бериптир,эгерде көз жок болсо дүйнөдөгү ажайып нерселердин көркүнөн кантип лаззат алар элек? Ал эми көздүн назиктигинен керегине жараша ачып-жумуп туруусу үчүн кабакты бериптир. Шамалды, учкунду тосуу үчүн кирпикти берет. Маңдай терин көздөн четтетип туруу керек болгондуктан, дагы бөлөк кереги тийсин деп каш бериптир. Кулак болбосо каңгыр-куңгур болуп, добуштан, кубулжуган үндөн, күүдөн, обондон – эч биринен лаззат ала албас элек. Мурун жыт билбесе дүйнөдөгү бардык жытка кумар болуу, жаман жыттан оолак болуу колубуздан келбейт эле. Таңдай, тил даам билбесе дүйнөдө эмне таттуу, эмне катуу экенин, не бир даамдуунун кайсынысынан ырахат алат элек? Булардын баары бизге пайда эмеспи?

Көздү, мурунду оозго жакын жаратыптыр, ичип-жеген ашыбыздын тазалыгын көрүп, жытын билип ичип-жесин деп. Бизге керектүү болсо да жийиркенерлик жагы бар тешиктерди башыбыздагы азиз билимден алыстатып тешиптир, мунун баары кеменгерлик менен билип, иштелгенине далил эмеспи?- деген экен.

Ошондо Аристодем терең ойлонуп көрүп адамды жаратуучу улуу олуя экендине жана аны чын ниетинен жараткандыгына ынангандан башкага айласы калбады.

-Ошондой болсо да дагы ойлойсуң, бардык макулуктардын кичине балдарына элжиреп, үйрүлүп турганын көргөндө бүткүл макулук аттуунун өлүп каларына өкүнүп, тиричиликте алардын узак жашашын тилеп, ниет кылганда элдин өсүп-өнүүсү үчүн башка нерселерге алаксыбоосу үчүн кам көргөнбү дейсиң. Алардын баарын жаратканда ошентип тең салмактап койгонубу же анын баарын жактырганын билдиреби?- деди. Дагы:

-Эй, Аристодем! Кандайча сен бир өзүңдөн, же адамдан башкасында акыл жок деп ойлойсуң?- деди. Адамдын денеси өзүң басып жүргөн жердин бир ууч кумуна окшош эмеспи? Денеңдеги бардык дем жердеги суулардын бир тамчысындай эмеспи? Ыя, сен мындай акылга кайдан ээ болдуң? Арийне, кайдан келсе да жан деген нерсе келди да, ошондон кийин ага ээ болдуң. Бул ааламды көрдүң, чегине акыл жетпейт, келишкен көркөмүнө жараша жаратылган закону менен жаратылып, анын эч качан бузулбай турганын көрөсүң. Анын баарына таң калып жана акылың жетпейт, ушулардын баары кездешкен бир нерседен жаралганбы, же алардын ээси чексиз акылдын улуулугубу? Эгерде акылдын аркасында жасалбаса, мындай улуулугуна, чегине ой жетпей турган дүнүйө ар бир түрү керектеле тургандай жаратылып, пенденин акылы жетпей турган керемет законго карата жаратылган,- дейт.

Тиги:

-Ырас, бул айткандарыңдын баары туура, жаратуучунун артык акылдын ээси экендиги маалым болду. Ал, Кудайдын улуктугуна күмөнүм жок. Бирок, ошондой улук Кудай менин баш ийүүмө кандайча муктах болду?- деди.

-Эй, Аристодем! Жаңылышасың. Муктаж болбогондо да бирөө сен үчүн кам көрсө, сенин ага карыздар экендигиңди үйрөтүүгө да устат керекпи?- деди.

Аристодем:

-Анын мага кам көрө турганын мен кайдан билем?

-Ие, андай болсо бардык макулуктарга да, өзүңө да кара, жанды баарыбызга бериптир. Жандын жарыгын баарыбызга бирдей баш ийгидей бериптирби? Адам баласы алдын, артын, турган күнүн – үчөөнү тең тегиз ойлоп, жыйынтык чыгарат. Айбан артын, турган күнүн даана билбей, алды жагын аңдай билүүгө дарамети жетпейт. Айбанга берген денени кара, адамга берген денени кара. Адам эки бутуна тик туруп, дүнүйөнү тегиз көрүүгө, жалпы текшермекке ылайыктуу жана башка айбандарды баш ийдиртүүгө, пайдасын көрүүгө ылайыктуу. Айбандын баары бутуна ишенишет, бири да өзүндөй айбанды баш ийдиртүүгө ылайыгы жок. Адам өзүнө өзү ишенбесе, адамды да айбан сыяктуу кылып жаратса эчтемеге жарабас эле. Айбанга адамдын акылын берсе мынча чеберлик, мынча мүмкүндүк, бири-бирине билим үйрөтүүгө жөндөмдүүлүк зарыл болуп, дененин ылайыгы келмек эмес. Кайсыл өгүз шаар куруп, курал жасап, нечен түрлүү шайман жасап, сыпайы көмөк көрсөтө алмакпы? Бирок адам баласы болбосо бул керемет акылды жана ага тете керемет жасалган денеге киргизип, мынчалык мүмкүнчүлүктүн ээси кылган олуялыгына катар бөлөк жаныбарга султан кылгандыгы ага далил эмеспи? Алар далил болсо, адам баласын артык көрүп, анын камын абалы Алланын өзү көргөнү да далил болор? Эми адам баласынын баш ийүүгө карыздар экени маалым болдубу?- дептир.

Жыйырма сегизинчи сөз

Эй, мусулмандар! Бирөө бий болсо, бирөө кедей болсо, бирөө оору, бирөө соо болсо, бирөө акылдуу, бирөө эссиз болсо, бирөөнүн пейили ак, бирөөнүн ниети бузук – ал неликтен десе бирөө айтат: Кудай тааланын жаратуусунан жана буйругунан ошондой деп.

Ие, андай болсо, биз Кудай тааланын айыбы жок, тиешеси жок, ал адилеттүү деп ыйман келтирет элек. Анан Кудай таала бир ант ургурга эмгек кылбаса да мал берет экен. Жалгыз Кудайдан тилеп, адал эмгек кылып, пайда издеген кишинин эмгегин кайтарбай, катын-баласын жакшылап багып аларлык да оокаттуу кылбай, кедей еылат экен. Эч кимге залалсыз бир момунду оорулуу кылып, кор кылат экен. Кайдагы бир ууру, залымдын денин соо кылат экен. Ата-энеси эки баласынын бирин эстүү, бирин эссиз кылат экен.

Жалпы журтка бузук болбо, түз бол деп жарлык жасап, жол салат экен. Түз кишини бейишке чыгарамын деп, бузукту тозокко саламын деп айтып, пендесинин бирөөнү жакшылыкка ниеттентип, бирин жамандыкка ниеттентип, өзү Кудайдын кудурети менен бирөөнү жакшылыкка, бирин жамандыкка буруп жиберет экен. Ошонун баары Кудай тааланын айыпсыздыгына, кечиримдүүлүгүнө, мээримдүүлүгүнө, адилеттүүлүгүнө ылайык келеби? Журт да, мүлк да – баары Кудайдын өзүнүкү. Бул кылганын эмне дей алабыз? Өз мүлкүн кандай кылса кыла берет.

Аны айыптуу дей албайбыз десең, ал сөзүң Кудай тааланын күнөөсү, айыбы жок эмес, толуп жатат, бирок аны айтууга батына албайбыз дегениң эмеспи? Андай болсо, пенде өз  аракеттеринен эмне табат? Баарына себепкерге жасаткан өзү экен. Пенде пендеге ыйлай турган эч нерсе жок. Ким жакшылык, ким жамандык жасаса дагы Кудайдан келген буйрукту аткарып жүрөбүз дейбизби?

Ак бир акылдуу кишиге ыйман парз, ар бир ыйманы бар кишиге сыйлоо, урматтоо, баш ийүү парз экен. Жана да ар бир туура иш акылдан корпошу керек. Ие, биз акылга эркиндик бербесек, Кудай тааланын: “Акылы бар кишиге ыйман парз” – дегени кайда калат? “Мени тааныган акылы менен тааныр” – дегени кайда калат? Динибиздин жашыра турган жалганы жок болсо, акылдуу, аны ойлобо дегенибизге пенде көнөбү? Акыл токтобогондон кийин диндин өзү эмнеден болот? Оболу ыйманды түздөбөй туруп жасаган гибадатың эмне болот?

Жок, сен жакшылык, жамандыкты жараткан – Кудай, бирок жасаткан Кудай эмес, ооруну жараткан Кудай, ооруткан Кудай эмес, байлыкты, кедейликти жараткан – Кудай, бай кылган, кедей кылган Кудай эмес деп, ага ынанып, уксаң болор, антпесе жок.

Жыйырма тогузунчу сөз

Биздин казактардын макалдарынын көбүн жашоодо тутууга татыктуулары да бар, ишке жарамак түгүл, не кудайчылыкка, не адамчылыкка жарабай тургандары да бар.

Оболу, “Жарды болсоң, намыстуу болбо” дейт. Ар-намыстан айрылган соң тирүү жүргөнүң курусун. Эгерде жалданып жүргөнүңдө жаныңды кыйнап, эмгек менен оокат тап деген сөз болсо, ар-намыстан айрыла турган иш эмес. Тынч жатып алып, көздү жуумп, бирөөдөн тиленбей, жанын кыйнап, адал эмгек менен оокат издөө – ал ар-намыстуу адамдын иши.

“Клоосун тапса кар күйөт”, “Сурагын тапса адам баласынын бербегени жок” деген – эң барып турган Кудай урган сөз. Сурагын табамын, калоосун табамын деп жүрүп, кордук менен өмүр өткөргөнчө оокатты же жерден суроо керек, же аккан терден суроо керек эмеспи.

“Атың чыкпаса жер өрттө” – дейт. Жерди өрттөп чыгарган атыңдын эмнеси атак? “Жүз күн атан болгончо, бир күн буура бол” – дешет. Теңир жазып, минбей-түшпөй арып, шүмшүңдөп дубаналык менен бир күн болгон бууралык эмнеге жарайт?

“Алтын көрсө периште жолдон таят” – дешет. Периштеден садага кеткир ай! Периште алтынды эмне кылат, өзүнүн көзү кызыл шумдугун ага жамап айтканы да.

“Ата-энеден мал таттуу, алтындуу үйдөн жан таттуу” – дейт. Ата-энесинен мал таттуу көрүнө турган ант ургурдун таттуу дээрлик кандай жаны бар? Алардын баарынан да кымбат ата-энесин малга сатуу эң арсыздын иши эмеспи? Ата-эне чамасы келсе мээнеттенип мал жыйса да, дүйнө жыйса да артымдагы балдарыма калсын дейт. Ал ата-энени малга сатцц Кудайга душмандык кылуу эмеспи? Ошондой, ойлонбой айтылган сөздөргө өтө сак болуу керек.

Отузунчу сөз

 Кырк ат минсе да кыр ашпай турган “Кырк мактан” деген бир мактаныч бар, ад эмнеге керек, эмнеге жарайт? Ал, ар-намысты, акылды билбейт, кенен ойлоо, бийик ой жок, же акылдуулугу, же уят-сыйыты жок. Моюнун толгоп коюп: “Ай, теңири ай, койчу нары, кимден ким артык дейсиң, кимдин башы кимдин канжыгасында жүрөт, ал менин казаныма аш салып берип жүрүптүрбү, мен андан саан саап отуруптурмунбу?” – деп, бултактайт, же “Аяганым жанымбы? Эй, энесин урайын, өлүп кетпесем кантейин? Азар болсо атылып, же ошол үчүн айдалып кетсем да көнгөнүм жакшы! Деги бир өлүм барбы?” – деп, калчылдай турган киши көп го.

Өзүңөр көрүп жүрөсүңөр, ушул айтылган сөздөргө шайкеш келген казакты көрдүңөрбү? Өлүмгө моюн сунган казак көргөнүм жок, өлүмгө баш ийбеймин деген да казак көргөнүм жок, кенебестигин гана көрсөтөт, ой: “Алдыңа гана кетейин” – деп. Эгерде ушул сөзүн аткарган киши болсо, акылынан айнып калса да, кайраты үчүн гана баалап алар адам эмеспи! Эгерде чоң чырды көргөнүндө кирерге жер таппай калган суу жүрөк, журтту ушундай бир сөз менен оңой тартып аламын деп “мынабул көпүрөдөн киши корко турган экен” деп айнытып олтурган дөөпүрөстүн курулай койкоюп олтурганын көргөндө эмне дейбиз?

Ай, Кудай ай! Бирөөгө мырзалык кыла турган, эркектин дайыма шертинен тайбай турганы, оокатка мырзалыгы, дүйнөнү бир тыйындай көрбөй турган жоомарттыгы – түркүн сапаттарды денесине сыйдырып турбайт беле?

“Уялбаган бетке талбас жаак берилет” дегендей көп былжырактын ары жок, уятсыздыгынын бири да.

Отуз биринчи сөз

Уккан нерсени унутпоого төрт түрлүү себеп бар: абалы – көкүрөгү көр, жабык болбоосу керек;  экинчи – ошол нерсени укканда  же көргөндө үлгү кылып, сабак алуу керек, ага кунт коюп, түшүнүп,  дилгирленип угуу керек; үчүнчү – ошол нерсени ичинен бир канча убакыт бою кайталай ойлонуп, көңүлгө түйүү керек; төртүнчү – бузуку ойлордон оолак болуу керек. Эегер кези келип калса унутпоо керек. Бузуку ойлор: убайымсыз кайдыгерлик, шаан-шөкөттүүлүк, капалануу, же кумарлануунун пайда болуусу сыяктуу. Бул, төрт нерсе – акыл деми менен билимди курута турган нерселер.

Отуз экинчи сөз

Билим-илимди үйрөнүүнү талап кылуучулардын өздөрүнө абалы аны билүүсү керек. Талаптын өзүнүн бир нече шарттары бар. Аларды билүү керек, билбей туруп издеген таба албайт.

Алгач – билим-илим табылса, андай-мындай ишке пайдаланар элем деп, дүнүйөнүн кызыктуу бир жерине жарап калар деп изденүү керек. Ал үчүн билим-илимдин өзүнө гана кумар, ышкылуу болуп, бир гана билүүнүн өзүн туу тутсаң жана ар бир билгениңди белгилүү убакытта колдонсоң өзүнүн ырахаттуу үзүрүн берет. Ал ырахат сен билгендериңди бекем тутуп, билбегендериңди дагы да ошондой билсем экен деп үмүттөнгөндө кумар, берилгендик пайда болот. Ошондо ар бир укканыңды, көргөнүңдү ыкыласың жакшы угуп, аларды так, өз абалында тутуп алат.

Эгерде дин көңүлүң өзгө жакты самап турса, билим-илимди бир гана ал үчүн пайдалануу максатында үйрөнсөң, андай билимге ыкылас, ниетиң өгөй эненин мээриминдей болуп калат. Адамдын көңүлү чындап берилсе билим-илимдин өзү да адамга мээримин төгүп, тезирээк жугат. Салкын көңүл чала кабылдайт.

Экинчиси – илимди үйрөнүүдө жөндөн жөн эле үйрөнбөө керек. Талаш-чуулуу болсо үйрөнбө, алардын азыраагы да көңүлүңдү бышыктабайт, көбү адамды түздөмөк түгүл бузат. Анткени, ар бир чыр адам жалганды тактоо үчүн эмес, өзүнүн жеңиши үчүн чуу чыгарат. Андай чатак ичи тарлыкты, көрө албастыкты күчөтүп, адамгерчиликти бастайт, азайтат. Анын максаты илим максаты эмес, адам баласын чаташтырып, жалган сөзгө ишендирүү болуп саналат. Мындай мүнөз бузукуларда болот. Туура жолдогу жүз кишини жаңылдырган киши, бир тескери жолдо бараткан кишини оң жолго түздөгөн кишиден садага кетсин! Талаш да илимдин жолдорунун бири, андан караманча баш тартуу жарабайт. Эгерде баш тартса менменсинүү, мактанчаактык, көралбастык жеңип, андай киши адамга зыян келтирүүчү жалганчылыктан да, өксүүдөн да, урушуп-мушташуудан да алыс боло албайт.

Үчүнчү -  ар бир акыйкатка тырышып, чын ниетиң менен жеткениңе ишенсең аны бекем тут, өлсөң да айрылба! Эгерде андай тапканың өзүңдү баш ийдире албаса, кимге пул боло алат? Өзүң урматтай албаган нерседен бөтөндөн кантип урмат күтөсүң?

Төртүнчү – билим-илимди көбөйтүүдө адамда эки күч бар: бири – пикирлешүү, экинчиси – бекем сактоо. Бул эки күчтү дайыма арттырып туруу керек. Алар күчтөнмүйүн, илим күчтөнбөйт.

Бешинчи – сөздөрүмдүн он тогузунчусунда* жазылган акыл оорусу деген төрт аталыш бар. Алардан оолак болуу керек. Алардын ичинде убайымсыз кайдыгерлик деген бар, ошондон сак бол, жаным, ошондон абдан абайла, айрыкча, алгач – Кудайдын, экинчи – калктын, үчүнчү – өлкөнүн, төртүнчү – үлгүлүүлүктүн, бешинчи – акылдын, намыстын – баарынын душманы ошол. Ал бар жерде булар болбойт.

     Алтынчы – илимди, акылды сактай турган дээр деген касиет бар. Ошол дээр айныбасын! Ач көздүк менен, жеңил баалык кылсаң, же бирөөнүн орунсуз сөзүнө, же убактылуу кумарланууга чайпала берсең дээриң бошойт, бузула берет. Андан соң окуп, үйрөнүп да кереги жок. Коёрго орду жок болгон соң аларды кай жерде сактайсың? Жасайм дегенин жасарлык, турам дегенин тургузарлык дээрде азгырылбаган акылды, ар-намысты бекемдеген кайрат бар болсун!

Бул бир акыл, бир гамыс үчүн болсун!

Отуз үчүнчү сөз

 Эгерде оокат керек болсо, кол өнөрүн үйрөнүү керек. Малды жут алат, өнөрдү жут албайт. Алдабай, адал эмгегин саткан кол өнөрчү – казактын олуясы. Бирок, Кудай таала колун бир аз өнөрлүү кылган казактардын жамандары да болот.

Оболу, бул ишимди башка иш менен артык кылайын деп бөлөк ишмердикти издеп жүрүп, таап, бир аз иштемиш болуп, өнөрүмдү өркүндөтөйүн деп чындап өнөр издебейт. Колундагы бир азына мактанып, ушул да жетет деп, баягы эле казактын жалкоолугуна ооп, жатып алат.

Экинчи – эринбестен ишти уланта берүү керек эмеспи. Бирин-экин мал тапса, ага манчыркап, “менде мал жок бекен?”- дегенсип, жалкоолук, илең-салаңдыкка өтүп, кербещленип калат.

Үчүнчү – “Кыйынсың да, өнөрлүүсүң да чырагым”, же “Агатай, эмне болмок элең, ушунумду жасап бер!” дегенге: “Мага да бирөө жалынган  баркка жеткен экемин”- деп, мактанып, пайдасыз алдоого, куу тилге алданып, убакытын текке өткөзөт. Ага дүйнөнүн кызыгы алдоо болуп жатса керек деп, билип туруп эле мактанычка алдырат.

Төртүнчү – досчул келет. Дээри алдамчы шайтан неме дос бололук деп, болбогон бир нерсесин берген болуп, дагы антемин-минтемин депубадага тил эмизип, карк кылып, кыйбасым, досум десе мен да бирөөнүн керегине жарап калыптырмын го деп, жашынан иштен калып, үйүнөн чыкпай, жок-барга чыдап, алданганын билбей, дароо бирөөнүн жетпегенин кыла салайын деп, жетпесе өзүнүкүн кошо салып, жасап бер дегенинин баарын жасап берип, күн өткөрүп, иш кылар убактысын өткөрүп, “жогору чыкка” курсант болуп, тамак, кийим табуу эсинен чыгып кетип, кийин алар кысмакка алып киргенде бирөөнүн малын пулдап карызга алат.

Ауны жасап берейин, мыны кылып берейин деп, ошону менен тапканы куралбай, карызы көбөйүп, доосу күчөп, адамдык касиетинен айрылып, кор болуп калат.

Бул эмнеси? Казактын баласынын өзү алдоону билип туруп, башка бирөөгө алдатканы кандай?

 Отуз төртүнчү сөз

Журттун баары билет, акыры өлө турганын жана ажал деген картайганында гана келбей турганын, бир алганын кайта жибербестигин. Казак ага да амалы жок баш иет, өз оюна, акылына тегеретип көрбөйт. Бардыгын жараткан Кудай бар, акыретте суракка алат, жамандыкка жазгырат, жакшылыкка жарылат, жазгырганы да, жарылганы да пенденин ишине окшобойт, купуя эсепсиз кыйноосу да бар, купуя эсепсиз жеткиргени да бар деп – барына ишендик дейт. Жок, мен анысына ишенбеймин. Алар ишендим десе да, анык ишенген кишиге убайым тартып эмне кереги бар? Ушу экөөнүн ылайыктуусун өздөрү издеп таба берет. Эгерде ушул экөөнө бекем ишенип олтурса, анда эмнеге ишендире алмакпыз? Аларды мусулман деп, ыйманы бар деп кандайча айта алабыз?

Кимде ким акыретте да, дүнүйөдө да кор болбоймун десе, билүүсү керек: эч бир адамдын көңүлүндө эки кубаныч бирдей болбойт, эки чоң кумарлык бирдей болбойт, эки коркунуч, эки кайгы – алар да бирдей болбойт. Мындай эки нерсени бирдей болот деп айтууга мүмкүн эмес. Андай болгондо, кайсыл адамдын көңүлүндө дүнүйө кайгысы, дүнүйө кубанычы акырет кайгысынан, акыреттик кубанычтан артык болсо – мусулман эмес. Эми ойлоп көрө бер, биздин казактар да мусулман экен! Эгерде эки нерсе кез болсо, бири акыретке керектүү, бири ушул дүнүйөгө керектүү, бирин алса, бири тийбей турган болсо, ошондо бирөө акыретке керектүүсүн албай, экинчи бир кез келгенде алармын деп, жок, эгер кез келбей турган болсо кеңпейил Кудай өзү кеңчилиги менен кечирет да, кези келип турганда муну кармап калбасам болбостур деп, дүнүйөгө зарылын алса, эми ал киши казаьболгондо, акыретти дүнүйөгө саткан жокмун десе, ишенүүгө болобу?

Адам баласына адам баласынын баары – дос. Эмнеге десең, тирүү кезиңде туугандарың, өсүп-өнүүң, тоюунууң, ашугууң, кайгың, өкүнүчүң, денең, чыккан жериң, бара турган жериң – баары бирдей, акыретке карай – өлүүң, көргө кирүүң, чирүүң, көрдөн суракка алынууң – баары бирдей, эки дүйнөнүн кайгысына, балээсине кабылууң, эки дүйнөнүн жакшылыгыңа ырахатың – баары бирдей экен. Беш күндүк өмүрүң барбы, жокпу?.. Бириңе-бирик мейман экенсиң, өзүң бу дүйнөгө да конок экенсиң, анан бирөөнүн билгендерине билбестигин талаштырып, бирөөнүн багына, оокатына ичи тарлык кылып, ач көздүк кылып, көз артуу туурабы?

Тилекти Кудайдан тилебей, пендеден тилеп, өз эмгегимдин акыбетин кайтарып бер дебей, баланчанын оокатын алып бер дегендик – Кудайга айтар сөзбү? Кудай бирөө үчүн бирөөгө залал кылуусу туурабы? Эки ооз сөдүн башын кошорлук же акылы жок, же билими жок болуп туруп, өз көмөчүнө күл тартып, курулай эле  “Ой, Теңир ай!” деп талаша бергендин эмнеси сөз?

Анын эмнеси адам?

 Отуз бешинчи сөз

Суракка барганда Кудай таала ажы, молдо, сопу, жоомарт, арачы – баарын бирдей катар коюп, суракка алат делет. Дүнүйөдө атак-даңка алуу учун, сый-урмат көрүү үчүн ажы болгонду, молдо, сопу, жоомарт, шейит болгондорду бир бөлүккө бөлүп коёт дейт. Акыретке даяр, бир гана Кудай тааланын ыраазычылыгын алайын дегендерди бир бөлөк кылат дейт.

Дүнүйөнүн кызыгын көздөгөндөргө айтат дейт: “Силер жарыкчылыкта ажыке, молдоке, сопуке, мырзаке, баатыраке аталуу үчүн аракет кылып келдиңер эле, ал дүнүйөңөр бул жакта жок. Силердин ал кызыктуу дүйнөңөр карып болгон, ошону менен силердин кылган амалыңар да бүттү. Эми бул жакта урмат көрмөк түгүл, сурак бергиле! Оокат бердим, өмүр бердим, эмне үчүн ошол оокатыңарды, өмүрүңөрдү, бетиңерге акырет үчүн кармап, дин ниетиңер болсо да журтту алдоо үчүн сарп кылдыңар? – деп.

Анан чын ниети менен ордун таап, бир Кудайдын ыраазычылыгы үчүн дитин койгондорго айтат дейт: “Силер бир гана менин ыраазылыгымды алайын деп оокатыңарды, өмүрүңөрдү сарп кылып келдиңер, мен ыраазы болдум. Силерге ылайыкталган урматтуу ордум бар, ал дайын, киргиле! Эгерде ал ниеттериңерден башка да сурак кезинде өзү аткарбаганы менен чын ниетинен, тооп кылган досторуңар табылып калса аларга арачы түшкүлө, сөзүн айтып, көмөктөшкүлө!” – дейт экен.

Отуз алтынчы сөз

Пайгамбарыбыз, салалаху галайли уассаламдын хадисинде айтылыптыр: “ Мэн лэ хаяхун уэ лэ иманун лэху” деп, же “Кимдин уяту жок болсо, анын ыйманы да жок”- деп. Биздин казактын да өз макалы бар: “Уят кимде болсо, ыйман ошондо”- деген. Эми бул сөздөн билинди: уят дегендин өзү ыймандын бир бөлүгү экен. Андай болгондо билүү керек, уят деген кандай нерсе? Бир уят бар – наадандыктын уяты, жаш бала сөз айтуудан уялган сыяктуу, жакшы адамдын алдында күнөөсүз жөн-жай барып, жолугушуудан уялганга окшош. Же шариатка терс, акылга терс айыбы жок болсо да наадандыктан алыс турганы менен чечилбей, уялбас нерседен уялуу – бул, чыныгы уялуу эмес – акмактык, кемчилик.

Чын уят ошондой нерсе, шариатка терс, же акылга терс, же абийирлүү адамга терс бир жагдай себеп болот. Мындай уяттын эки түрү болот. Бирөө – кайсыл бир жорук өзүңдөн чыкпай, бөтөн бирөөдөн чыкканын көргөнүңдө уялып кетесиң. Анын себеби ошол уят ишти жасаган адамга жан тарткандыктан болот. “Катыгүн, бул байкушка эмне болду, эми эмне болор экен?” – дегендей, бир нерсе ичиңден аяп келип, денеңди кысып, кызартып жиберет. Бирөө ошондой уят, шариятка жатпаган, акылга да, абийирге да терс, адамдыкка  зыяндуу жорук, жаңылыштыктан капыс денеден жаралганында боот. Мындай уяттуу жорук жасаганыңды бөтөн киши билбесе да өз акылың, өз нысабың өзүңдү ичтен тилдеген соң уялып, өзүңдү жазалоого мажбур кылат. Кирерге жер таба албай, киши бетин карай албай өзгөчө кысыла түшөсүң. Мындай уяты күчтүү адамдар уйкудан, тамактан калуусу да мүмкүн, кээде өзүн өзү өлтүрүп коё турган адамдар да болот. Уят деген – адамдын өз боюндагы адамдык касиетти, иттигиңди ичиңден өз мойнуңа салып, жазалаган кысымдын аты. Андай учурда тилге сөз да келбейт, акылга ой да түшпөй калат. Көзүңдүн жашын, мурдуңдун суусун сүртүп алууга да чамаң жетпей, ит болосуң. Көздөрүң киши бетине карай алмак түгүл, эч нерсени элес албай калат. Мындай абалга жетип уялган адамды кенен киши кечпесе, андайда дагы кошул-ташыл күйгүзө сөз айткан кишинин өзүнүн да адамчылыгы жок десе болчудай.

Азыркы кездеги мен көргөн кишилер уялмак түгүл, кызарып коюшпайт. “Ошондо мен уят болдум дедим го, эми дагы эмнең бар?”- дешет. Же  болбосо: “Болду, болду,ага мен уят болоюн, сен өзүң да ошентип калбайт белең?”- деп, моюн толгошот. Же: “Баланча деле, түкүнчө деле тирүү жүрөт го, балээни жасап, түкүнчөнү кылып коюп, меники анын жанында эмне, түккө турбайт, анын мындай, тигиндей мааниси бар болчу да?” – деп, уяткарайын десең, жайкала олтуруп алып, кайра доосун артат. Ошону уяттуу киши дейбизби, уяты жок киши дейбизби? Уяттуу десек хадис тигиндей, жакшылардан калган сөз болсо мындай.

Ошондой адамдардын ыйманы бар дейбизби, жок дейбизби?

Отуз жетинчи сөз

  1. Адамдын адамдыгы ишти баштаганынан билинет, кандайча бүтүргөнүнөн эмес.
  2. Көңүлдөгү көрктүү ой ооздон чыкканда өңүнөн азат.
  3. Даанышман сөздөр өзүмчүл наадандарга айтылганда, көңүл кубантканы да болот, өчүргөнү да болот.
  4. Кишинин билимине карата жан тарт; акылсызга жан тартуу өзүңдү бузат.
  5.  Атасынын баласы – адамдын душманы. Адамдын баласы – бооруң.
  6. Эр киши аотык сураса да азына ыраазы болот. Эссиз аз сурар, бирок, ашыра берсең да ыраазы болбос.
  7. Өзүң үчүн эмгектенсең, өзү үчүн оттогон айбандын бири болосуң; адамдык касиеттин карызы үчүн эмгек кылсаң, Алланын сүйгөн кулунунун бири болосуң.
  8. Сократка уу ичирген, Ионна (Жанна – которм.) Аркты отко өрттөгөн, Ийсаны дарга аскан, пайгамбарыбызды төөнүн жемтигине көмгөн ким? Ал – көпчүлүк, көпчүлүктө акыл жок. Эбин тап да, жөнгө сал.
  9. Адам баласын заман жаратат, кимде-ким жаман болсо, анын замандаштарынын баары күнөөлүү.
  10. Мен эгерде закондун күчү колумда бар киши болсом, адам мүнөзүн түздөп болбойт деген кишинин тилин кесер элем.
  11. Дүнүйөдө жалгыз калган адам – адамдын өлгөнү. Кайгынын баары ошонун башында. Дүнүйөдө жаманчылык да көпчүлүктө, бирок, кызыктар да, эрмек да көпчүлүктө. Баштапкыга ким чыдайт? Соңкуга ким азбайт?
  12. Жамандыкты ким көрбөйт? Үмүтүн үзүү – кайратсыздык. Дүнүйөдө эч нерсенин мааниси жок экени ырас, жамандык да кайдан маанилүү болсун? Кары калың катуу кыштын артынан көгү калың, көлү мол жадыраган жаз келбей калчы беле?
  13. Ачуулуу адамдын сөзү аз болсо, ыза, күчү артында калганы. Эгереде оозунан кан агызса алакөөдөн, мактанчаак же коркок.
  14. Шаттык менен кушубактык – мастыктын ашынып кеткени, миңден бир киши гана к...н ачпай турган боюнча калат.
  15.  Эгер ишим жылсын десең ыгын тап.
  16. Бийик мансап – бийик аска,

Эринбеген эмгек менен жылан да чыгат,

Эпкиндеп учуп кыраан да чыгат;

Бөлүндү эл жетпей мактайт,

Жел өпкөлөр чын деп ойлойт.

  1. Дүнүйө – ири көл, убакыт – соккон жел,

Алдыңкы толкун – агалар, арткы толкун – инилер,

Кезек менен өлсөңөр, баягыдай көрүнөр.

  1. Багы менен байыган падышадан, мээси менен жеткен жарды артык.
  2. Ток тилемчи – адам шайтаны,

Жылма сопу – кытмыр.

  1. Жаман дос – көлөкө:

Башыңды күн чалса, качып кутула албайсың;

Башыңды булут чалса, издеп таба албайсың.

  1. Досу жок менен сырдаш,

Досу көп менен сыйлаш;

Кайгысыздан сак бол,

Кайгылууга жак бол.

  1. Кайратсыз ачуу – жалгыз,

Түгөйсүз ашык – жалгыз,

Шакиртсиз аалым – жалгыз.

  1. Багың өскөнчө тилегиңди эл да тилейт, өзүң да тилейсиң, багың өскөн соң – өзүң гана тилейсиң.

Отуз сегизинчи сөз

Эй, жүрөгүмдүн кубаты, перзенттерим! Силерге адам баласынын мүнөздөрү тууралуу бир аз сөз жазып, эскерте кетейин. Ыкылас коюп окуп, угуп алыңыздар, андан дээриңер бекемдейт. Дээр оболу адамдын адамдыгы, акыл, билим деген нерселер менен эриш-аркак. Аларга жетүү үчүн эң оболу өзүнө таандык жаркын касиеттери менен ден соолук зарыл. Алар канынан болот, калган себептердин бардыгы – жакшы ата, жакшы эне, жакшы курбу, жакшы устаттан келет. Аларга талап, угуу дээрден чыгат. Илим-билимге дилгирленүү алиги айтылган үчөөнөн. Оболу бала илим-билимди өзү изденип таппайт. Башында аны мажбурлап же алдоо менен үйүр алдыруу керек, үйрөнө баштаганда өзү изденгендей болгончо. Качан бала билим, илимге дээрин коюп, өжөр болсо ошондо гана анын аты адам болот. Ошондон соң гана Алла тааланы таануу, өзүн таануу, дүнүйөнү таануу, өзүнүн адамдыгынан кайтпай гана пайда таба алса,  чыгымдарын кайтарып, андан арылып, зыянкечтикти айра билип, билим-илимге үйрөнсө андан үмүт кылууга болот. Болбосо жок, болбосо чала. Көбүнесе балдарды жаш кезинде ата-энелери кыянатчылыкка көндүрүп алышат, андан соң молдого беришет, же балдарды өздөрү барган болушат – эч бир натыйжа болбойт.

Ал кыянатчыл балдар талапка да, билимге да, устатына да, динге табынууга да кыянат кылышат. Ал кыянатчылар – жарым адам, жарым молдо, жарым мусулман. Алардын адамдыкка жетилүүсү кыйындын кыйыны. Себеби, Алла таала өзү – акыйкат, тууралыктын жолу. Кыянат – акыйкат менен тууралыкка душман. Душманы аркылуу чакырыкка дос келеби? Көңүлдө дээриң жат нерсени көксөп турса актыктыкты таппайт. Адамдын билими, илими акыйкатка, тууралыкка кумар болуп, ар нерсенин түбүн, маңызын билүүгө биргелешип барат. Ал – Алланын илими эмес, бардыгын биле турган илимге умтулуунуку, өзү да адамга жеке билимин берет. Ал – Аллага тууралыгы. Илим – Алланын бир шыпаасы, ал Акыйкат, ага дээрин берүү, өзүнүн да актык менен адамдык  сапаты. Болбосо оокат табуу, сый-урмат табуу сыяктуу нерселердин тууралыгынан илим-билимдин маңызы табылбайт.

Оокат, сый, ызат-урмат адамды өзү издеп тапса адамдыкты бузбайт жана жарашат. Эгерде адам өзү аларга табынып, издесе тапса да, таппаса да адамдыгы жоголот. Эми чындап сүйүп, чындыкты билүүгө кумарлансаң адамдыкка ылайык ыкыластуу кулагыңды тос. Оболу ислам дини жолундагы пенделердин чын ыйманы кандай экенин билесиң. Ыйман дегенибиз бир гана ищенүү эмес, мен Алла тааланын бирлигине, анан Курандын анын сөзү экендигине, анан пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа, салаллаху галайхи уассалам, анын элчиси экендигине ынандың. Анан эмне? Сен Алла таалага Алла таала үчүн ыйман келтирдиңби, же өзүң үчүн ыйман келтирдиңби? Сен ыйман келтирбесең да Алла таалага келер эч кандай кемчилигиң жок эле. Өзүң үчүн ыйман келтирсең, ынанганың. Ал ынанганың куру гана ынануу менен калса, сага пайда бербейт. Андан улам сенин  ынанганыңдан пайда чыкпады, пайдаланам десең пайдасын берет, ыйманың бышыктаганың болот. Пайданы кандайча алууну билүү керек.

Сиз “Аманту биллахи камахуа би асмайхи уа сифатихи* дедиңиз. Ал ысым Аллалар – бардыгы Алла тааланын айланасындагылардын аттары, алардын маанисин бил жана сегиз өзгөчө касиеттери эмне экенин бышыктап үйрөн. Өзүң да анын кулу болуп, өзүңө татыктуу ат коюп, ишенгениңе каниет кыласың. Өз жүрүмүңдү ага алыңдын келишинче окшотууга аракет кыл. Алла таалага окшой аламынбы деп, наадандык кылып ал сөздөн жийиркенбе, окшошуу – сөз жүзүндө дал келүү эмес, анын артында болуу. Аның үчүн Алла тааланын касиеттери: Хаят**, Билим, Кудурет, Басар***, Самиг****, Ирада*****, Калам******, Такуин******* керек. Булардан Алла тааладагыдай чоң жетишкендик болбосо да, пендесине ар биринин өз алынча берип, жаратыптыр. Арийне, биз өз денебиздеги сегиз болор-болбос касиетибизди Алла тааланын сегиз улук касиеттерине

теңеп, бөлөк жолго салуу менен берилип, ишене алабызбы? Анте албайбыз го. Арийне, ал сегиз касиетке касиетибизди же ал аттары өзүнчө сыпатталган ниетибизди Кудаага ниеттесек кантип, кандайча табылат, аны билүү керек.

 

Отуз тогузунчу сөз

Ырас, биздин мурдагы ата-бабаларыбыздын азыркы замандагылардан билими, адаты, сыпайылыгы, тазалыгы төмөн болгон. Бирок, азыркылардан артык эки сапаты бар экен. Кийинки журт ата-бабаларыбыздын кай бир мүнөзүн улам бирден калтырып келебиз, алиги эки гана талылуу касиетин биротоло жоготуп алдык. Азыркылар чоочун касиеттерге өрмөлөп илгери бара жатканына карабай өткөндөгү аталарыбыздын эки гана талылуу касиетин жоготпогонубузда биз да эл катарына кирер элек. Ошол эки касиет жок болгон соң, кийинки үйрөнгөн мүнөзүбүздүн баары тең адамдыкка окшобойт, шайтандыкка тартып барат. Элдиктен кетип бара жатканыбыздын чоң себеби ошондон көрүнөт.

Ал эки касиет кайсыл десең, оболу – өткөн заманда эл башы, топ башы деген адамдар болгон экен. Көчүп-конгондо болсун, доо-жаңжалдар болсун бийлик аларда болуптур. Карапайым эл болсо жакшыбы-жаманбы өздөрүнүн чарбачылыгы менен жүрө берет экен. Эл башы менен топ башылар кандай кааласа, кандай жыйынтык чыгарса калктын аларды сыноого, аралашууга акысы жок экен. “Кой ашыгын колуңа ал, колуңа жакса сака кыл”, “Баш-башына бий болсоң, мунар тоого сыйбассың, колдогонуң бар болсо, жанган отко күйбөссүң” – деп, макалдап, тилеп, эки тизгин, бир чылбырды сага бердик, берген соң айнымак түгүл, жетпегенге жетилтемин деп, жамандыгын жашырып, жакшылыгын ашырамын деп тырышат экен. Аны зор тутуп, олуя көрүп, андан улам жакшылары да көп кейибейт экен. Баары өз боору, баары өз мүлкү болгон соң, жетесинде чындап эле жок болуп калбаса, аларга кам көрбөгөндө кантет?

Экинчи касиети – намыскөйлүк экен. Ат аталып, арбак аталган жерде агайын жапырт күйүнүп, араздашууларына карабай, баштарын сайып коёт экен. “Өзүнө намыстанган – жаттан зар көрөт” – деп, “Аз араздыкты кууган көп пайдадан айрылар”, “Агайындын азары болсо да, безери болбойт”, “Алтоо ала болсо, ооздогусун алдырар, төртөө түгөл болсо, төбөдөгү келет”- дешип, “Жол кууган казынага жолугар, доо кууган балээге жолугар”- дегендей. Канакей, эми ошол эки касиет кайда калган? Алар да ар-намыстуулук, биримдиктен келет. Андан айрылдык. Азыркылардын достугу ак пейилден эмес - алдоо, душмандыгы көрө албастык, же жай таба албагандык.

Кыркынчы сөз

Абайлап, байка, силерден сурайын деп жүргөн бир жагдайым бар.

Ушу, биздин казактардын өлгөн кишисине жаманы жок, тирүү кишисин жамандоодон башкасы жок болгону кандай?

Кубаты кеткен чал менен жаштардын баары бир бүтүм кылат, чалдар уламдан улам курбуларынан айрылып, азайып баратса да, бир-бирине бүтүмгө келбегени кандай?

Бир элдин ичинде жашай албай калган киши бир тууганындай көрүп, чын ниетинен жактырып келсе, көп өтпөй аны көчө качкыдай кылганы кандай?

Жат элдин бир кишисин көрсө “жарыктык” деп жалбарып, мактап-жактап, өз элинде андан артык адам болсо да көрмөксөндүккө салганы кандай?

Бир жолоочу алыс жерге барса, барган элине өз элин мактаймын деп калп-чынды ургулап, кайтып келген соң барган, көргөн элин, жерин мактап, калпты чындай айтканы эмнеси?

Кайсыл казакты көрсөм да, баласы жашыраак болсо анын баласынын башынан сылап жүрүп, ал эр жеткен соң сууганы кандай?

Бирөөнүн тууганы торколуу той, топурактуу өлүмдө адал аласа, берешен киши таба албай, барымта кылалык, уурдайлык десе жапырт чыга калары кандай?

Байгеге ат чаптырсаң, атыңды талашпай турган туугандын, атың жеңсе байгесин талашканы кандай?

Баягыда бирөө баланча жашымда, жарыктык атым арып келе жатканда палан жерге жеткизип салды эле деп, өлгөнүнчө айтып жүрүүчү эле. Азыр болсо, бул жылы бергениң эмдиги жылга эстен чыгып калганы кандай?

Байдын баласы кедей болсо, уурулук кылуудан арданбайт, байдын ардана турганы кандай?

Эки жакшы бир элде ысык дос боло алышпайт. Кайсыл бир ант ургурлардын тимеле таттуу боло калышканы кандай?

Бирөөнү досум деп ат берип жүрсөң, ага келип сенин бир душманың тай берсе бузула калганы кандай?

Күнүгө тилин алып жүргөн досуңдун кээде гана бир тилин ала койгон душманга өлө жаздай жан тартканы кандай?

Кишилердин көпчүлүгу досум жетишсе экен дебейт, эгерде жетишип калса баягы досу душманы болуп чыга келгени кандай?

Кай бир эл акыл айта турган кишини издеп таба албайт. Кылыктарынын кылын да билген кишиден качышканы кандай?

Бирөө бирөөнүкүнө барганда колундагы малынын баарын айдап келип, өз үйүнө киши барганда бардык малын талага айдап жибергени кандай?

Тынчтык издеп таба албай жүргөн эл тынчтык көрсө, шартка көнбөй тынчтыктан жылыга куру калганы кандай?

Элди бышык бийлегени неси? Бышыктын баары кедей келе турганы эмнеси?

Токтол катындын эр чыгары неси? Оорукчан кишинин эр болору неси? Кедей кишинин кер келе турганы неси?

Напсисин тыйып, карманган киши жаман аталып, ал эми напсиси бийлеп, мактоого эрип, балээни баштаган кишинин мыкты атала турганы неси?

Казактын чын сөзгө көнбөй, кулак да какпай, угууга колу да тийбей, ал эми бузуку сөзгө, калпка сүттөй уюп, бир жагынан суудай жиреп чыкса да аны тыңдап укпай, жай албаганы кандай?

Кырк биринчи сөз

Казакка акыл айтам, түздөймүн деп кам жеген адамга эки нерсе керек.

Оболу – өтө бекем өкмөт, жарлыгы колунда бар киши керек. Чоңдорун журтту корготуп, жаш балдарын эркине койбой колунан алып медреселерге берип, бирин ал жолго, бирин бул жолго салуу керек, дүйнөдө илимдин эсепсиз көп жолдору бар, алардын ар бириндеги үйрөтүүчүлөргө берип, сен бул жолду үйрөн, сен ал жолду үйрөнгүн деп жолго салып, бул жактагы калкка окуунун чыгымын төлөтүп, жалпы кыздарды да эң болбосо мусулман илимине жиберсе, динди жакшы таанырлык кылып үйрөтсө, ошондо жаштар жетилип, азыркы аталар картайып, сөздөн калганда жаштар түзөлүшсө болор эле.

Экинчи – ал адам ашкан бай болуусу керек. Аталарын паралап, балдарын алып, жогоруда айткандай жолго салып, акыбети кайтса, ошондо түзөлүшөн эле.

Эми мындай калкты коркутуп, көндүрө турган күч-кубат эч кимде болбойт. Казактардын баарын паралап, көндүрүү бир адамга да мүмкүн эмес.

Казактарды коркутпай да, паралабай да акыл менен жайкап, же ийите айтып көндүрүү да мүмкүн эмес. Этинен өтүп, сөөгүнө жеткен, атадан мурастаган, энесинин сүтү менен бүткөн наадандык алдакачан адамчылыктан кетирген. Өзүнүн арбайынан, тиричилигинен башка дүйнөдө кызыктуу бир нерсе бар деп эч ойлобойт, ойлосо да ага моюн бура албайт, эгерде сөз айтсаң аягына чейин укпайт, же көңүлү, же көзү элеңдеп, дит койбойт.

Эми эмне кылып, эмне болобуз!

Кырк экинчи сөз

Казактын жаманчылыкка үйүр болгондугунун бир себеби – жумушунун жоктугу. Эгерде эгин тартса, же соодага оосо колунан келер беле? Тиги айылдан бул айылга, бирөөнөн бир жылкынын күчүн сурап минип, тамак издеп, болбосо сөз аңдып, куулук, шумдук менен адамды жандап жүрүү үчүн, же азгыргычтардын алдоосуна кирүү үчүн пайдасыз, жумушсуз каңгып жүрүүгө кумар. Дүнүйө керек деп, адал эмгекке өткөн киши андай жолбун иттей кордук көрөт беле? Өзүнүн кесибин таштап, жер кезип жүрүүгө өтпөйт беле? Малдуулар малын өңчөй малчыларга, бала-чакага тапшырып коюп, колундагы кудай берген аздыр-көптүр ырыскысы кызыксыз көрүнүп, анысы ууру-бөрүгө жем болуп, карга-кузгунга жем болгонуна чыдай берет. Ар кандай кеңештен калып, кайсыл бир айылга барып куулук, шумдукка өтүп, бекер тамак жеп, ырсаңдаганын токтотууга жарабайт. Эмнеге десең, калкка ошол адат болуп калган, чарбага бышык, мал багууга, мал табууга бышык кишиге ал кошулбайт, өзү бир балээни баштоого даяр, же ошондойлордун сөзүн “уккам”, “билгем” деп элге жайып жүрүп, курулай бышык, өнөрлүүгө кошулгандай көрүнөт.

Ошондуктан, азыркы казактын ишке жарактуусу өзүнүн аздыр-көптүр оокатын бирөөгө кошо салып, “карай жүр, көздөй жүр” деп, башын бошотуп алып, сөз аңдып, тамак аңдып, жер кезүүгө өткөн.

Бул жанбактыга байлык да мактаныч эмес, акыл, абийир да мактаныч эмес, арыз жаза билүү, алдай билүү – мактаныч. Бул экөө колунан келген киши кедей да болсо салт аттуу, саптуу камчысы колунда, аз да болсо төргө жакын, майлуу ишке, майлуураак этке колу жетет. Жел өпкө, мактанчаак байларды: “Сиз айтсаңыз отко да түшүп беремин”- деп, күүлөп алып, чарбасын да карабай, малын да бакпай, анын аркасында кийимин бүтөп кийбей, чобур атын минип алып, катардагы бир урматка жетип жүрө берет.

Ал бай, өз тынччылыгын да билбейт, бекерге чыгым тартканын да эсине албайт. Бир киши менен сүйлөшүп калса: “Муну кантебиз?” – деп, дагы бир ант ургур менен акылдашат. Ал, уйдун шүдүңгүтү өңдөнүп, жалгыз өзүм гана болсом экен деген ниет менен акылдашып, досу көбөйсө кадырым кетип калат деген ойдо: “Ой, кудайым-ай, ошону билбей турасыңбы? Ал андай куулугу го, мунусу мындай куулугу го, ошондо минте салсаң болбойбу?”- деп, оңбогон бир жоопту үйрөтүп, амалдуулуктун жолун үйрөтөм деп, ал байдын өзүн кишиге ишенбей турган кылат. Ошондой эле, ал байдын өзүнө да адам ишенбей тургандай кылат. Байдын өз жообу, өз мүнөзү болбогон соң баягы киши бузулса алиги ант ургур байына: “Мен айтпадым беле, анысы куру сөз деп, мына, көрдүңбү?” деп, аны экинчи кыңк этпей тургандай кылып алат. Азыркы журттун акылы да, тилеги да, аракети да ушул.

Кырк үчүнчү сөз

Адам эки нерсеси менен улуу – биринчиси тан, бири жан. Ал экөөнүн ортолорундагы нерселердин кайсынысы тубаса касиет, кайсынысы эмгек менен табылганын билүү керек.  

Ичсем, жесем дегендин баары – тубаса, уктоо да ошого окшош. Азбы, көпбү билсем экен, көрсөм экен деген тилектин башаты да тубаса. Акыл, билим – булар кесиби. Көз менен көрүп, кулак менен угуп, кол менен кармап, тили менен татып, мурун менен искеп, сырткы дүйнөдөн кабар алат. Ал кабарлардын жагымдуусу жагымдуу калыпта, жагымсызы жыгымсыз калыпта өз турумунда көңүлгө орнойт. Ал, жогорудагы беш нерседен өткөн соң, аларды жайгаштыруу көңүлдүн иши. Ал – жандын тубаса жөндөмү түрлүү болот. Унуткус, жакшы нерседен көңүлгө жагымдуу жыйынтык калып, жаман нерседен жагымсыз таасир калары белгилүү. Бул таасирлер оболу аз гана болот. Аларды эскерген адам көңүлүндө дааналап, жат кылып, кубатын зорлойт. Эскерилбей калса ал кубаттын кайсынысы болсо да жоголот, такыр жоголбосо да бир аз калганы менен күчтүү болбойт.

Кимде ким сырттан угуп билүү, көрүп билүү сыктуу нерселерди көбөйтүп алса, ал – табышкер адам: сынап, керектүүсүн, керексизин – баарын тең баштагы жыйган нерселерине салыштырып, издештирип, табат. Ошентип, андай аракеттенген адамды акылдуу дейбиз.

“Кудай тааланын өзү акыл бербеген соң кантелик?” дегендер, “Кудай таала сени менен мени бирдей жаратыптырбы?” дегендей – Кудай таалага шылтап, өзүн куткарууга жасаган аракети. Бул – акылсыз, өнөрсүз наадан адамдын иши. Ага Кудай таала көрбө, укпа, көргөн, уккан нерсеңди эскербе, эсиңе сактаба деген бекен? Оюн-күлкү менен, ичип-жеген менен, уктоо, мактануу менен алектен да, ичиңдеги казынаңды жок кылып, айбан бол деген эмес.

Кай бирлер: “Акыл тубаса болбосо да, талап – тубаса. Талапты билген адам акылды тапты, талабы жок киши таба албады” – дешет. Ал да жаңылыш. Талап билида да бар, аны талашууга да болбойт. Башында айттык эле, жан кубаты алгач аз гана болот, эстеп турбаса жоголуп кетет деп, эстеп турса, дагы да күчтөнөт деп күтүп турса жоголбойт. Жан кубаты менен үйрөнгөн өнөрлөрдү да күнүгө иликтесең, күнүгө артып турат. Көп убакытка элес албай койсоң таап алган өнөрүңдүн жоголгонун жана убакыт өтүп, башка адам болуп кеткениңди билбей каласың. Кайсыл өнөр болсун: “Ал, мен жоголдум”- деп, айтып жоголобу? Аны издесең, баягы, аны тапкан кезиңден оор кайтат.

Жан кубаты аталган кубат – өтө зор нерсе, алардын баарын жазып олтурууга убакыт жетпейт. Бирок, ар бир өнөрдүн сырттан таап алып, иштете алганың, анын тамырын   бекем кармап калууга жарайт. Көпкө чейин эстебеген адамдан ал байманалуу өнөрдүн эң кызыктуу, кымбат жерлери жоголо баштайт. Андан да көп убакыт өтсө, ал өнөрдү сактай турган кубаттын өзү да жоголот. Андан кийин кайтадан кесип кылууга болбой калат.

Бул кубаттын ичинде үч өзгөчө кубат бар, абайлабай, аны жоготуп алуу жарабас, ал жоголсо адам укканы менен айбан болуп, адамдыктан чыгат.

Кырк төртүнчү сөз

Адам баласынын эң жаманы – умтулбасыгы. Умтулгандар нечен түрлүү болот, ал эми  умтулуунун өзү да түркүн келет. Арийне, ал умтулуулардын кайсынысынын артынан түшсө да биринен бири кызык, түркүн келет. Ие, адам баласында умтулуу болсо, болбосо да “баракелдени” самабай турганы болбойт. Ар качан, мейли орунсузбу, орундуубу, “баракелде” деген сөздү көңүлү күтүп турат. Адам баласы кайсыл жолдо, кай майданда жүрсө, ошол майдандагы киши менен сырдаш болот. Ошондуктан өзгө жолдогулардан “баракелдени” күтпөйт. Мага “баракелде” деп айта тургандар, өзүм менен шериктеш, сырдаштар “баракелде” айтса дейт.

Умтулган адам баласы көбүнесе башына кадыр издеп, ошону күсөйт. Бирөө мал артынан түшкөн. Ал, сараңдык менен, арамдык менен, айтору, мал тапсам, “Мал тапкан эрдин жазыгы жок” – деген, “Малдуунун бети жарык” – деген макалга ишенип, калктын түрүнө карата, ит да болсо малдууну сөгө албайт деп, бу малдан мага жалаң пайда, жалаң касиет болот дейт. Анысы ырас, казактын өз кулк-мүнөзүнө караганда. Бирок, адамдыкка, акылга салганда казакка түгөл, көңүл жийиркене турган иш. Ошондон улам бирөө эр аталамын, бирөө ажы атанамын, бирөө молдоке аталамын, бирөөлөрү билерман, куу, шум атанамын деп, ошол аракетте жүрөт. Ар кимиси казаккка жакмак болуп, “ушунум бир шыпырарга азык болор” деген умтулуу менен жүрөт.

Мунусу казактын тамырын кармап-тартты да, “Муну алып келип берсе, кымбат алган көрүнөт, азыркы бул иштин бир аз пулу болор экен” дегенди жүзүнөн көрүп, умтулбаса, китептерден окуп, издеген туура эмес.

Ал үчүн китептин сөзү менен изденген умтулуу болсо оболу, көкүрөктү тазалоо керек, андан соң кабал болот дейт.

Казактын бетине карап, андан көрө алсаң, умтула бер, көкүрөктү толук тазалаймын дебе, аны ким көрүп жатыптыр, ичинде катмары калың болбосо, кут-берекеге жагымдуу болбойт экен дейт.

Эми ушуга карап, кайдан окуп, билип, умтулуу керек экенин билерсиң.

Кырк бешинчи сөз

Кудай табарака уатааланын барлыгынын чоң далили – нечен миң жылдардан бери ар ким, ар түрлүү кылып сүйлөсө дагы, баары бир улук Кудай бар деп келгендиги, ошондон улам миң түрлүү диндердин баары да адилет, сүйүү Кудайга арналат дегендиги.

Биз жаратуучу эмес, жараткандын көлөкөсүнө карата биле турган пендебиз. Ошол сүйүү менен адилеттикке карата тартмакпыз, ошол Алланын улуктугун бирөөнөн бирөө даанараак сезүү менен артат.

Ынандым, ишендим демек ынандырамын, ишендиремин дегендик эмес.

Адамдыктын алды – сүйүү, адилеттик сезими. Булар керек болбогон жери жок, киришпей турган да жери жок. Ал – дараткан теңиринин иши. Айгырдын бээге ээлик болуусунда да махабат менен сезим бар.

Бул адилет, сүйүү сезими кемде көбүрөөк болсо, ал киши – аалым, ал – акылман. Биз жаныбыздан илим чыгара албайбыз, жаралып, жасалып койгон нерселерди таанымакпыз, көз менен көрүп, акыл менен билебиз.

“Ынталы жүрек” китеби, Алматы, 2010.

Дата публикации
31 марта 2020
Дата обновления
31 марта 2020
Тип

Сейчас читают

Маалымат
26 мая 2025
Казакстан Республикасынан документтерди талап кылып алуу
29 марта 2024
Чет элдик жарандарга кызмат көрсөтүү
Маалымат
29 марта 2024
Виза алуу жана узартуу

Социальные медиа

facebook
instagram
twitter

Меню подвал

КР Президентинин кайрылуусу
КР нын мамлекеттик символдору
КР Премьер-министринин сайты
КР Президентинин сайты
Ачык Өкмөт